Биз менен байланышыңыз

Абактардын абалы: Суицид, оору жана соттун мыйзамсыз чечими

Саясат | 15 Июн 2022 | 559 | 0

Кыйноолорго каршы улуттук борбордун жетекчиси Бакыт Рысбеков Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында 2021-жыл үчүн отчёттук баяндамасын жасады. Анын айтымында, 2019-жылдан 2021-жылга чейин 151 адам түрмөдө көз жумган. Ошондой эле бир канча жолу борбордун өкүлдөрүнүн жаза аткаруу мекемелерине кирүүсүнө, милдеттерин аткаруусуна ар кандай тоскоолдуктар жасалган. Соттордун мыйзамсыз чечимдери, тергөө мөөнөтүнүн себепсиз узарышы, жарандардын укугунун бузулушу, дагы башка ушул өңдүү көйгөйлөргө алдыда кененирээк токтолобуз. 

Кыйноолорго каршы улуттук борбордун жетекчиси Бакыт Рысбековдун айтымында, 2021-жылы жаза аткаруу мекемелеринин жетекчилиги борбордун кызматкерлерине сегиз жолу тоскоолдук жасап, абакта отургандар менен жолуктурбай койгон. Анын негизги себеби борбордун функциясы мыйзамга киргени менен кодекстерде так белгиленбей калган.

«Биздин көйгөй кичине жогорураак турат, бул кодекстерде. Биздин сунуштар кодекстерде чагылдырылбай калган. Ошол эле кылмыш-процессуалдык, кылмыш-аткаруу кодекстеринде биздин мүмкүнчүлүктөр, мандат, мыйзамда көрсөтүлгөндөр чагылдырылса, мына ошондо талап кылууга дагы толук шарттар түзүлмөк».

2019-2021-жылдар аралыгында 151 адам абакта каза болгон. Алардын 41и жүрөк-кан тамыр ооруларынан, 19у коронавирустан, 11и цирроздон, 8и СПИДден, бешөө инсульттан көз жумса, 25инин өлүм себеби так көрсөтүлгөн эмес. Ошондой эле 2020-жылы Ноокат районунда бир жаран кыйноодон каза болгон.

Тергөө изоляторунда кандайдыр бир кылмыш ишине шектелип кармалган жарандардын баары соттун чечими менен отурат. Алгач жарандар 48 саатка кармалып, андан соң анын баш коргоо чарасы сот тарабынан аныкталат. Мына ошол баш коргоо чарасынын мөөнөтү бүтө элек учурда тергөө жүрүп, жыйынтыгы соттун кароосуна жиберилиши керек. Кыргызстанда көбүнчө «иши каралып жатат» деп, соттук отурум жылдырыла берет, ал эми шектүү тергөө абагында кармала берет.

«Сот тарабынан мыйзамсыз чыгарылган чечимдер бар «тергөө изоляторлорунда кармалсын» деген. Алар кодекстерде жок нормаларды колдонушат. Ал жөнүндө айтып эле жатабыз. Эми ал маселени чечүү биздин колдо эмес. Мен токтом кабыл алынса, бул маселе Жогорку Кеңештин көзөмөлү менен чечилет деп терең ишенем».

Кыйноолорго каршы улуттук борбор көбүнчө абактагы жарандардын абалына көз салат. Жаза аткаруу мекемелериндеги мыйзам бузуулар боюнча борбор 2019-жылы 45, 2020-жылы 49, 2021-жылы 119 акт түзгөн.

Жыйында депутат Мейкинбек Абдалиев 2019-жылдан 2021-жылга чейин абактарда 19 жаран өз жанын кыйганын белгилеп, алардын суицидге баруу себеби, бул фактынын негизинде жоопко тартылгандар боюнча сурады.

Бакыт Рысбеков улуттук борборго тиешелүү мекемелердин ушул өңдүү жагдайлар боюнча маалымат берип туруусу милдеттендирилгени менен ал аткарылбай келерин айтты.

«Билим берүү министрлигинин да жабык жайлары бар: булар — интернаттар, балдар үйлөрү. Тилекке каршы, бул министрликтен жоопторду ала албай келебиз. Жөнөтүлгөн каттар жоопсуз калат. Эми мындан ары да мындай мамиле улана берсе, түздөн-түз прокуратурага кайрыла турган болуп жатабыз. Негизинен бул — орчундуу маселе. 19 адамга тең териштирүү болгон, айрым териштирүүлөр улуттук борбор тарабынан суроолорду туудурат. Мисалы, камерада отургандар сабап салып, бир жаран каза болгон. Ал сабалып жаткан учурда кызматкерлер кайсы жакты карап турду эле?» 

Депутат Эмил Жамгырчиев жабык жайларда канча адам кыйноого кабылганына кызыкты.

Улуттук борбордун жетекчиси Бакыт Рысбеков билдиргендей, 2021-жылы борборго катаал мамиле боюнча 42, абак жайындагы ашыкча кордоолор боюнча 10, дагы башкалар боюнча 50, жалпысынан 67 билдирүү түшкөн.

«Улуттук борборго келип түшкөн арыздардын негизинде талдоо көрсөткөндөй, кыйноолордун 85%ы ички иштер органдарынын оперкызматкерлери тарабынан жасалат. Арыздардын 57синде ИИМге даттанышкан. Анын 43ү Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестерине катталган, учурда тергөө жүргүзүлүп жатат. 17 арыз сотко чейин токтотулган. Беш арыз боюнча текшерүү токтотулган, анткени аларда укук бузуу белгилери жок болгон. Эки арыз туура эмес жазылганына байланыштуу каралган эмес».

Депутат Динара Ашимова тергөөсү бүткөнү менен соту улам жылдырылып, жаза мөөнөтү белгиленбей жаткан 248 жаран бар экенин, алардын тергөө абагында мыйзамсыз кармалышы да психикалык кыйноо болуп эсептелерин айтты.

«Тергөө убагында прокуратура органдары ошол мөөнөткө көзөмөл жүргүзөт. Тергөө бүтүп, кылмыш иши соттун карамагына өткөндөн кийин соттор каалагандай калчап жатат. Кааласа узартат, кааласа командировкага кетет, кааласа материалдар менен таанышып жатабыз дейт. Ал аралыкта адам абакта отурат, бул — кыйноо. Ошол көрүнүштөрдү жок кылуу үчүн керек болсо, мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизишибиз керек. Бул — чоң мүчүлүштүк, көңүл буруп коюңуздар».

Криминал жана акча Кыргызстандагы түрмөлөрдө эң маанилүү ролду ойной турганын депутат Жанар Акаев билдирди. Анын айтымында, абактардагы кыйноолорду токтотуу үчүн радикал реформага баруу керек, жадагалса, жуунганы да, туугандары берген  тамакты убагында киргизүү да акча менен чечилет.

Жаза аткаруу кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Кемел Садыков  билдиргендей, абактарда учурда өмүр бою эркиндигинен ажыратылган 343 жаран бар. Жалпысынан 7 миңдей жаран жазасын өтөп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM