Биз менен байланышыңыз

Шайлообек Атазовдун билдирүүсүнө каршы митинг өттү (видео)

Кыска кабар | 15 Июн 2022 | 339 | 0

Бүгүн, 15-июнда Ак үйдүн жанында аялдардын укугун коргоого байланыштуу митинг өттү. Чогулган кыз-келиндер «Кыздардын укугуна тийбе», «Биз сенин рейтингиң эмеспиз», «Атазов, мандатыңды тапшыр», «Эркин кыз — өнүккөн өлкө» деген ураандар менен чыгышты.

Алар Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазовдун парламент жыйынында айткандарына каршы болушууда.

Атазов Жогорку Кеңештин 9-июндагы жыйынында 18-20 жаштагы кыргызстандык кыз-келиндерди чет өлкөгө ата-энеси менен чогуу чыгаруу, же турмушка чыккандан кийин чыгарууну сунуштаган. Депутат кыздардын чет жакта жүрүп, миграция көйгөйлөрүнө туш болуп жатышканын айткан.

Бүгүн Ак үйдүн имаратына топтолгондордун алдына Шайлообек Атазов чыгып, билдирүүсү тууралуу түшүндүрмө берди.

«Биз кыздарды өлкөдөн чыгарбай коёлу деген жокпуз. 18 жаштагы чырактай кыздар үйүнөн качып кетип жатат, алар бул жерде окууга кире албай калса, башка жакка окуйлу деп барып жатат. Бирок окууга чындап өттүбү, көзөмөлдөп, коопсуздугун карашыбыз керек. Чыкпагыла деп мыйзам жазып колуңарга карматкан жокпуз го? 15 жашта чыксаңар да ата-энеңердин уруксаты менен чыккыла деп жатабыз», — деди депутат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM