Биз менен байланышыңыз

Жапаров элчилерди көбүрөөк инвестиция тартууга чакырды

Кыска кабар | 15 Июн 2022 | 166 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Тышкы иштер министрлигине экономикалык дипломатия боюнча ишти күчөтүүнү тапшырды.

Өкмөт башчы экономиканын ар жылдык реалдуу өсүү темпин ИДПга карата 13 пайыздан кем эмес көлөмдө, жылына болжол менен 1 млрд доллар чет элден түз инвестицияларды тартуу аркылуу орточо 5%дык деңгээлде камсыздоо максаты коюлганын айтты.

Буга байланыштуу Тышкы иштер министрлиги экономикалык дипломатияны активдештирүү жана биринчи кезекте үч негизги багытта иш алып баруусу керек:

-чет элден инвестиция тартуу,

-туристтик агымдын кеңейишине көмөктөшүү,

-ата мекендик продукцияны экспорттоого көмөктөшүү.

Жапаров  дипломаттардын көңүлүн текстиль өндүрүшүн жана бөтөлкөдөгү суу чыгарууну илгерилетүүгө бурду. Чет өлкөдөгү дипломатиялык мекемелердин иши тийиштүү деңгээлде аткарылбаса, үстүбүздөгү жылдын соңунда өлкө жетекчилиги тарабынан тийиштүү чечимдер кабыл алынарын эскертти.

Министрлик жана чет өлкөдөгү дипломатиялык мекемелердин алдына төмөнкү милдеттер коюлган:

— өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга көмөктөшүү;

— эки тараптуу инвестициялык фонддорду түзүү үчүн инвестицияларды, жеңилдетилген кредиттерди, кошумча финансылык ресурстарды тартуу;

— республиканын экспорттук потенциалын эске алуу менен «экспорттук себет» иштеп чыгуу;

— 2022-жылдын соңуна карай конкреттүү максаттуу көрсөткүчтөр менен экспортту илгерилетүү боюнча Жол картасын ишке ашыруу;

— өз ара пайдалуу кызматташуу жөнгө салынган өлкөлөрдүн жарандарына виза берүүнү жөнөкөйлөштүрүү, виза саясатын өркүндөтүү маселесин иштеп чыгуу;

— туристтик визаларды алуу үчүн арыздарды кароо убактысын кеминде 36 саатка чейин кыскартуу.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM