Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, эртең, 16-июнда түнкүсүн Чүй облусунун тоолуу райондорунда, Жалал-Абад, Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт.
Күндүз Чүй, Жалал-Абад, Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күн күркүрөйт.
Бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +15…+20, күндүз +28…+33,
Талас облусунда түнкүсүн +13…+18, күндүз +26…+31,
Жалал-Абад, Ош Баткен облустарында түнкүсүн +16…+21, күндүз +29…+34,
Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +9…+14, күндүз +21…+26,
Нарын облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +19…+24.
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +18…+20, күндүз +30…+32 градус болот.