Биз менен байланышыңыз

Токторбаев: Теңгиз Бөлтүрүк айына 50 миң доллар төлөп, кымбат офисте отурат

Кыска кабар | 15 Июн 2022 | 559 | 0

«Ата-Журт-Кыргызстан» фракциясынан депутат Жеңишбек Токторбаев парламенттин бүгүнкү жыйынында Финансы министрлигинин алдындагы «Улуу көчмөндөрдүн мурасы» улуттук холдинг компаниясынын жетекчиси Теңгиз Бөлтүрүктүн Бишкектин борборунда кымбат баалуу офисте отурганын сындады.

Анын айтымында, аталган холдингдин Бишкектеги жаңы офиси Панфилов-Киев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашып, айына 50 миң доллардын тегерегинде ижара акысын төлөшөт.

Ал мындай кадамды туура эмес деп эсептейт. Мамлекеттин карамагындагы бош турган имараттардын бирин колдонуп, бюджеттин акчасын үнөмдөөгө чакырды.

Ошондой эле ал Теңиз Бөлтүрүк Канаданын жараны экенин айтып, ал боюнча коомчулукта көп сын айтылып жүргөнүн белгиледи.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM