Биз менен байланышыңыз

Депутат Ирактын абактарындагы кыз-келиндерди алып келүү маселесин көтөрдү

Кыска кабар | 15 Июн 2022 | 282 | 0

Бүгүн, 15-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Русланбек Жакышов Ирак жана башка мамлекеттерге алданып барып, абакка түшүп калган кыргызстандыктар тууралуу маселени көтөрдү.

Анын айтымында, Иракта абакта жаткан Айзада Зайнидинова аттуу жарандын жакындары жардам берүүнү сурап кайрылышкан.

«Ал 2015-жылы үч айлык баласы менен Түркияга күйөөсүнүн артынан иштегени кетип, ошол жылдын сентябрына чейин Стамбулда үй-бүлөсү менен жашап жүргөн. Көп өтпөй Кыргызстандагы жакындарына чалып, Ирактын Сирия менен чектешкен аймагына алданып барып калышкандарын, өзү эки баласы менен түрмөгө камалып, күйөсү дайынсыз жоголгонун айткан экен. Учурда Айзада сыяктуу 40тан ашык кыргыз кыз-келини Ирактын түрмөлөрүндө, дагы көптөгөн жараныбыз башка мамлекеттерде кесилип, көп жылдан бери абактарда жатат. Андыктан иш издеп, оокат кылабыз деген аруу тилектер менен чет өлкөгө кетип, шылуундарга алданып, Иракта камалган эже-карындаштарыбызды куткаруу маселесин чечип беришибиз керек», — деди ал.

Бул маселе боюнча депутат Тышкы иштер министрлиги жана мигранттар менен иш алып барган тийиштүү мекемелерди көңүл бурууга чакырды. Ошондой эле ал аталган маселе боюнча төрагага протоколдук тапшырма берүүнү өтүндү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM