Биз менен байланышыңыз

Журналист Казакпаевдин өлүмү тууралуу жазганы үчүн УКМКдан эскертүү алды

Кыска кабар | 15 Июн 2022 | 929 | 0

УКМКнын тергөө абагынан ооруканага түшүп, каза болгон саясат талдоочу Марат Казакпаевдин өлүмү тууралуу «Фейсбук» баракчасына пикир жазганы үчүн журналист Канат Каниметов Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен эскертүү алды. Маалыматты журналист өзү жарыялады.

УКМК берген эскертүүдө анын Марат Казакпаевдин өлүмүнө байланыштуу атайын кызматты негизсиз айыптаганы, жазгандары чындыкка дал келбеси айтылат. Эскертүүгө УКМКнын бөлүм башчысы Бейшембаевдин колу коюлган.

Канат Каниметов 10-июнда «Фейсбукка» Казакпаевдин өлүмү боюнча жеке оюн жазып, ага медициналык жардам өз убагында берилбей, анын кесепетинен комага түшкөнүн айткан.

Кечээ эле саясатчы Равшан Жээнбековго да  саясат талдоочу Марат Казакпаевдин өлүмү боюнча айткан пикирине карата Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети эскертүү бергени айтылган.

Саясат талдоочу Марат Казакпаев 10-июнь күнү ооруканада каза тапты. Андан бир күн мурда УКМКнын тергөө абагынан эс-учун жоготуп, ооруканага комага түшкөн абалда жеткирилген. Адвокатынын айтымында, ал инсульт алып, мээсине кан куюлуп кеткен. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Казакпаевдин өлүмү боюнча билдирүү таратып, 19-майдан 9-июнга чейин саясий серепчинин адвокаттары аны медициналык мекемелерге жаткыруу жөнүндө арыз менен кайрылбаганын белгилеген.

Башкы прокуратура Казакпаевдин өлүмү боюнча текшерүү ишин баштаганын буга чейин маалымдаган.

Марат Казакпаевдин өлүмүнө учурдагы саясий режим күнөөлүүбү?

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM