Connect with us

«Адам укугун сактоо боюнча сунуштамалар аткарылбай жатат»

Кыска кабар , Пикирлер | 14 Июн 2022 | 478 | 0

Эл аралык уюмдардан адам укугунун сакталышы боюнча көп сунуштама түшүп жатат. Бирок алардын аткарылышы кыйынга турууда. Бул тууралуу акыйкатчынын орун басары Альберт Көлөпов «Маралдын» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, маселе мамлекеттин экономикалык абалынан көз каранды.

«Мисалы, күнөөлүүлөрдү бизде убактылуу кармоочу жайларда 48 саат кармоо керек. Андан кийин аны тергөө абагына жөнөтүү керек. Себеби алардын режимдери эки башка. Жаран психикалык, моралдык жактан басымга дуушар болбосун деп, аны 48 саат кармайбыз. Бирок Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарында тергөө изоляторлору жок. Бир облустан экинчиге ташууга туура келет. Эки-үч айлап кармалып калган жарандарыбыз болуп жатат. Демек, биз эл аралык милдеттенмелерди аткарбай жатпайбызбы. Шарт жоктугунан көйгөйлөр дагы деле бар. Мындан сырткары түрмөлөрдүн инфратүзүмү Совет доорунан бери келе жатат. Эл аралык келишимдердин негизинде биз шарт түзүп, түрмөлөрдөгү инфратүзүмдү оңдоп беришибиз керек, бирок жарандарыбыз илгерки, шарттары жок жайларда кармалып турушат. Өмүр бою эркинен ажыратылгандар өзгөчө жайда кармалышы керек, бирок алар да ар кайсы жерде жайгашып калышкан. Ушул сыяктуу көптөгөн маселелер эл аралык келишимдердин аткарбаганына барабар болуп турат».

Адис жыл сайын ушул сунуштар мамлекеттик органдарга берилип, бирок аткарылбай жатканын эске салды.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM