Биз менен байланышыңыз

«Акыркы окуялар Кыргызстандын эл аралык аброюна доо кетирет»

Кыска кабар , Пикирлер | 14 Июн 2022 | 519 | 0

Аквапарктагы баланын суу чөгүп кеткени, аскердин сабалышы жана саясат талдоочунун өлүмү адам укуктары жаатында так калтыра турган трагедиялуу окуялар болду. Мамлекет мындай көрүнүштөргө жол бербеши керек эле. Мындай пикирин укук коргоочу жана юрист Эржан Кайыпов «Маралдын» эфиринде билдирди.

Ар бир камактагы жарандын коопсуздугу, ден соолугу жана укуктары күчтүү көзөмөлгө алынышы керек деп эсептейт юрист.

«Тилекке каршы, буга чейин деле мындай окуялар болуп келген. Бул биздин өлкөнүн эл аралык аброюна доо кетирет. Мындай учурларда комиссиялар түзүлүп, тыкыр иликтенип, күнөөлүүлөр жазасын сөзсүз түрдө алышы керек. Адам укуктарынын бузулушу системалуу түрдө каралышы шарт. Алгач мыйзамдардын мазмуну, алардын иштеши каралып чыгышы абзел. Бизде укук бузуу дайыма болуп келет. Бул нерсе мамлекетке жүктөлгөнүн, адам укуктары жарандар менен мамлекет ортосундагы вертикалдуу мамиле экенин бийлик өкүлдөрү түшүнүшү керек».

Кайыпов аракеттерди бир гана Акыйкатчы институтунан талап кылбай, жарандардын укуктары боюнча парламент менен биргеликте иштөө зарылчылыгына токтолду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM