Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги Telegram платформасы аркылуу консулдук маселелер боюнча байланышты жакшыртуу максатында «Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин робот-консультанты» маалыматтык чат-ботун ишке киргизди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Чат-бот аркылуу жарандарга консулдук кызматтарды алуу тартиби боюнча мамлекеттик жана расмий тилдерде консультация берилет. Мисалы:
-Элчиликтин консулдук бөлүмүнүн дареги жана иш тартиби;
-Кыргызстандын паспортун берүүнүн тартиби;
-Кыргызстандын айдоочулук күбөлүгүн алмаштыруунун тартиби;
-Кыргызстанга кайтып келүү үчүн күбөлүк алуунун тартиби;
-консулдук маселелер боюнча алдын ала жазылуу тартиби жана башка суроолорго жооп алса болот.
Ошол эле учурда элчилик консулдук бөлүмүнүн ишмердүүлүгү тууралуу жана консулдук-укуктук маселелер боюнча актуалдуу маалыматтарды берүү үчүн расмий Telegram-каналы ачылууда.
Элчиликтин телеграм каналына шилтеме боюнча жазылса болот.