Сутка ичинде өлкөдө эки адам сууга чөгүп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 1995-жылы туулган Т.Р. аттуу жигит Ош облусундагы Кемпир-Абад суу сактагычына түшүп кеткен. Жерине 12 куткаруучу барып, издөө жүргүзгөн. Саат 21:20да караңгы киргендигине байланыштуу издөөнү токтотушкан. Бүгүн, 14-июнда кайра уланат.
Ысык-Көл районундагы Чоң-Байсоорун суусуна 1980-жылы туулган А.Г. аттуу келин агып кеткен. Жерине 10 куткаруучу жөнөтүлгөн. Бирок алар жеткенге чейин эле жергиликтүү тургундар келиндин сөөгүн таап, туугандарына тапшырышкан.