Алтынбек Эргешов Президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальниги кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Президенттик администрациядан билдиришти.
Тиешелүү жарлыкка кечээ, 13-июнда президент Садыр Жапаров кол койгон.
Алтынбек Эргешов чечимдерди даярдоо башкармалыгынын башчысы болуп, өткөн жылдын 18-октябрында дайындалган болчу.