Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров көзөмөл-кассалык машиналарды орнотууга каршы чыккан соодагерлердин өкүлдөрүн кабыл алды.
Анда ал көзөмөл-кассалык машиналарды орнотууга 10 күндүк мораторий киргизилип, мына ошол күндөр аралыгында соодагерлер менен биргеликте иш алып барыла турганын айтты.
Эртең, 14-июнда Нарын менен Таластан жана Ысык-Көлдөн келген соодагерлер менен Өкмөт өкүлдөрү чогуу иш алып барып, жумушчу топ түзүлүп, соодагерлердин маселелери чечилмекчи.
Эске салсак, 13-июнда өкмөт үйүнүн алдында ККМге каршы өткөн нааразылык акциясы өттү.