Биз менен байланышыңыз

Окуучуларга англис тилин үйрөтүү үчүн Америкадан 12 ыктыярчы келди

Кыска кабар | 13 Июн 2022 | 176 | 0

Бүгүн, 13-июнда Кыргызстанга «Тынчтык корпусунун» 12 ыктыярчысы келди. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ыктыярчылар алдыдагы эки жылда Чүй, Нарын, Ысык-Көл жана Талас облустарындагы орто мектептерде англис тили мугалимдеринин деңгээлин жогорулатуу жана окуучуларга англис тилин үйрөтүү менен алектенишет.

Ошондой эле ыктыярчылар мугалимдердин жана окуучулардын кесиптик билимдерине маалыматтык технологияларды интеграциялоого, окутуунун натыйжалуу ыкмалары жөнүндө маалымат алмашууга, ресурстук окутуу борборлорун түзүүдө же кеңейтүүдө мектептерге жана жергиликтүү жамааттарга жардам көрсөтөт. Буга кошумча окуу программаларын жана инновациялык окуу-методикалык материалдарын иштеп чыгууга көмөктөшөт.

Алгачкы үч айда ыктыярчылар окутуудан өтүшөт. Ыктыярчыларды даярдоо өзүнө кыргыз тилин үйрөнүүнү, англис тилин чет тили катары окутуу методикасы боюнча көндүмдөрдү өркүндөтүүнү жана жергиликтүү мугалимдер менен биргелешип окутуу көндүмдөрүн өздөштүрүүнү, маданияттар аралык компетенттүүлүктү жогорулатууну камтыйт.

«Тынчтык корпусунун» 24 жаштан 72 жашка чейинки жогорку квалификациялуу 12 ыктыярчысы атайын тандоонун негизинде АКШнын ар кайсы штаттарынан чогулган.

«Тынчтык корпусунун» ыктыярчылары Кыргызстанда 1992-жылы кол коюлган макулдашуунун негизинде Кыргыз Өкмөтүнүн чакыруусу боюнча иштешет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM