Биз менен байланышыңыз

«Билим берүү тармагына эң көп акча коротулат, бирок сапат жок»

Кыска кабар , Пикирлер | 13 Июн 2022 | 307 | 0

Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты Абдывахап Нурбаев жарандык коомдун өкүлдөрү менен биргеликте билим берүү тармагын жакшыртууга багытталган мыйзам долбоорлорун жана сунуштарды даярдап жатат.

Нурбаев «Маралдын» эфиринде билим берүү тармагы үчүн негизги делген үч кадамды сунуштады:

  • мугалимдерге академиялык эркиндик берүү;
  • бала бакчалардан лицензияны алып салуу;
  • мектептен сырткары даярдаган курстардан да лицензияларды алып салуу.

«Мамлекет окуу процессин, мугалимдерди, китептерди, баарын көзөмөлдөйт да, бирок окуунун жыйынтыгын көзөмөлдөй албай турат. «Мугалимдерге эркиндик берели, бирок окуунун натыйжасын көзөмөлдөйлү», — деп сунуштап жатабыз», — деди Нурбаев.

Нурбаев Кыргызстандан балдардын 73%ы бакчага барбасын эске салып, бала бакчанын санын лицензияны алып салуу менен көбөйтсө болорун, мындан атаандаштык күч алып, сапат жогорулай турганын, анын арты менен баалар түшөрүн белгиледи. Ошол эле учурда 4-8-класстын окуучуларына окуу деңгээлин көрсөтө турган тестирлөө киргизүүнү сунуштайт.

Анын айтымында, ушул сыяктуу жагдайлар билим берүү тармагын өнүктүрбөй жатат.

Нурбаев кошумчалагандай, бюджеттен билим берүү тармагына эң көп акча 40 млрд сомдон ашык бөлүнөт, бирок сапаты жок.

«Азыр ушул боюнча министрлик менен күрөшүп жатабыз. Алдыда көрөбүз. Министр өзүнүн оюн толук айта элек. Акыркы жыйынтык чыга элек».

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM