Биз менен байланышыңыз

«Июнь коогалаңына» 12 жыл: Ишти кайра иликтөөгө негиз барбы?

Саясат | 10 Июн 2022 | 398 | 0

Кыргызстандын түштүгүндө болуп өткөн каргашалуу «Июнь коогалаңына» быйыл 12 жыл болду. Бул күнгө карата Ошто жана Жалал-Абадда каргашада курман болгондорду эскерүү иш-чаралары өттү.

Буга чейин кандуу окуянын чоо-жайын, келип чыгуу себептерин, кесепеттерин мамлекеттик, депутаттык, эл аралык, көз карандысыз комиссиялар иликтеп, өз корутундуларын чыгарып, ондогон адам жоопко тартылган. Анткен менен окуяга саясий жана укуктук жактан адилет баа бериле электигин айткандар да бар.

Былтыр президент Садыр Жапаров «Июнь коогалаңын» иликтөөнү УКМКга тапшырган. Бул коомдо түрдүү пикирлерди жараткан. Алдыда кененирээк токтолобуз. 

Бүгүн, 10-июнда президент Садыр Жапаров 2010-жылдагы июнь окуясына байланыштуу кайрылуу жасады.

Ал ошол убакта тышкы күчтөр, ички сепаратисттер, өлкө келечегине көрө албастык кылган душмандар бөлүп-жаруу аракеттерин жасашканын айтты.

«Ошол күчтөр мамлекеттин келечегин эмес, өз кызыкчылыгын ойлоп, коомго улуттар аралык кастык мамилени козуткан жалган маалыматтарды таратып, ынтымагыбызга доо кетирип, коюн-колтук алышып жашаган эки элди бөлүп-жарды. Кан төгүлүп, энелер боздоду, аталар сыздады, балдар жетим, аялдар жесир калды. Эң коркунучтуусу, Ата Мекендин бүтүндүгүнө доо кетирген коогалаңга туш болдук».

Өлкө башчы андан тышкары жогорку жетекчиликтин көңүл чордонунда ар дайым улуттар арасындагы биримдикти жана этностор аралык ынтымакты коргоо маселеси турушу керектигин, улуттук саясатты жүзөгө ашырууда кылдаттык зарылдыгын белгиледи.

Азыркы бийлик «Июнь коогалаңы» боюнча ишти иликтөөнү жандантып, бул коомчулуктун талабы катары түшүндүргөн. Ал эми 12 жыл мурда мамлекетти башкарып турган Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү ишти кайра козгоону туура көрбөй, мында саясий боёк бар экенин айтышат.

Быйыл Башкы прокуратура Июнь окуясы боюнча козголгон кылмыш ишине ылайык, Убактылуу Өкмөттүн айрым мүчөлөрүнө жана мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге айып такты.

2010-жылы окуя болгон учурда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетин жетектеп турган Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү Кеңешбек Дүйшөбаев кандуу окуя толук иликтенип бүткөн деп эсептейт.

Анын пикиринде, азыркы президенттин бул коогалаңды кайра териштирүү аракети саясий буйрутма болушу мүмкүн.

«Бул ишти кайра иликтөөгө зарылчылык жок болчу. Бул — бир саясий күчтөрдүн буйрутмасы. Ызы-чуудан башка жакшы нерсеге алып келбейт. Бийликтин мындан сабак алганын көрбөй жатам, бийлик өкүлдөрү өзүм билемдикке салып жатышат. Эл менен эсептешкен эч ким жок, алардын маанайын эске албай эле кетип баратышат».

Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү, ошол учурдагы коргоо министри Исмаил Исаков кыргыз эли бул апааттан сабак алган жок деген пикирде.

Ал иликтенген, такталган жана баа берилген окуяны кайрадан ырбатып, адамдардын эски ыйын козгоону туура көрбөйт.

«Биздин эл бүгүнкү күндө сабак алган жок. Сабак алуу үчүн ынтымакты, биримдикти бекиткенге аракет кылуу керек болчу. Анын ордуна кайра ырбатып, бир кичинекей кызыкчылык, кызмат, «чай-пай» үчүн «ал күнөөлүү, бул күнөөлүү» деген туура эмес. Баары иликтенип бүткөн, баа берилген. Ушунча жыл өткөндөн кийин адамдардын эски ыйын козгоо туура эмес. Канткенде да биз ынтымакты сактаганга аракет кылышыбыз керек».  

Саясатчы Улукбек Маматаевдин пикиринде, бийлик Июнь окуясын кайра териштирип, элди алаксытууга аракет кылууда.

Ал «Июнь коогалаңын» улуттар аралык маселеге айландырып жиберишкенин, ал эми мунун түпкү тамыры, кызыкдар тараптар башкалар экенин айтты.

«Азыр бул окуялар боюнча эч кимди камай албайт. Ошол убакта шайлоо өтүп, «Ата журт» деген оппозициялык партия бийликте турган. Коогалаң учурунда ошолор турушкан. Азыр бул кишилер бүгүн бийликте отурушат. Анан өздөрүн камап, өздөрүн чукуйт беле? Бул элди гана алаксытуу болуп жатат. Эчтеке түшүнбөгөндөрдү, акты карадан айырмалай албагандарды алаксытып, ушундай иштерди жасап жатышат. Бирок бул эч кандай натыйжага алып барбайт, жыйынтыгын да бербейт. Андан көрө жөн эле коюу керек».

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрүн моралдык жактан жоопко тартуу керектигин айтып, бирок соттоп жиберүүдөн же камакка алуудан алыс болууга чакырды.

«Биринчиден, бул каргашалуу окуяга Убактылуу Өкмөт толук күнөөлүү деп айып коё албайбыз. Бирок ошол кездеги апрель айында бийликти колуна алгандан кийин мамлекетибизде кандай иш болсо да, моралдык жактан жооп берүүгө тийиш. Андан тышкары, бийлик алмашканда, Убактылуу Өкмөт мыйзамсыз жол менен, декрет аркылуу бийлик орното баштаганда, эки улутту кагыштыра турган коркунуч ачык-айкын көрүнүп калган. Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрүндө жоопкерчилик бар, бирок соттоп, камакка алуу үчүн алардын окуяга тиешелүү болгон аракеттерин эч ким далилдеп бере албагандыктан туура көрбөйм. Кылмыш иши боюнча, шалаакылык болобу же башка болобу, күнөө тапкан күндө деле жоопко тарткан мөөнөтү өтүп кеткен, он жылдан ашты да». 

2010-жылдын 10-14-июнь күндөрү Ош шаарында, Ош, Жалал-Абад облустарында кыргыз жана өзбек улутундагы жарандардын ортосунда массалык кагылыш болуп, эки тараптан тең көптөгөн адамдын өмүрү кыйылып, калаба талап-тоноо, үй-жайларды, имараттарды өрттөө, каракчылык өңдүү каргашалуу окуялар менен коштолгон.

Кандуу калабада 446 адам каза тапкан, он миңге чукул жаран жаракат алган. Окуя боюнча 5 миңден ашык кылмыш иши козголуп, 488ине соттун чечими чыккан. Калган 3 миңден ашык иш убактылуу токтоп турат.

Copyright © 2017 Maral FM