Биз менен байланышыңыз

Мамлекеттик кызматкерлер адам укугун канча пайыз сактайт?

Саясат | 10 Июн 2022 | 831 | 0

Бүгүн Бишкекте мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрүнүн катышуусунда Кыргызстандагы адам укуктары боюнча Улуттук диалог өттү. Иш-чарада Акыйкатчы институтунун жыл ичинде берген сунуштарын аткарган жана аткарбаган мамлекеттик органдардын рейтинги да көрсөтүлдү. Ошондой эле мындан ары мыйзам бузган мамлекеттик кызматкерлердин ысымдары ачык жарыялана турганы айтылды. Жыйында андан сырткары өлкөдө балдар укугу көп бузулуп жатканы белгиленип, ага карата жетиштүү чара көрүлбөй келери талкууланды. Темага алдыда кененирээк токтолобуз.

Бүгүн Бишкекте мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрүнүн катышуусунда Кыргызстандагы адам укуктарынын абалы боюнча Улуттук диалог өттү. Анда адам укуктары боюнча Кыргыз Республикасы алган эл аралык милдеттенмелерди мамлекеттик органдардын канчалык деңгээлде аткарганы боюнча жылдык жыйынтык чыгарылды. Акыйкатчы институту бул рейтингди биринчи ирет түзүп, жарыялап жатат. Буга чейин мамлекеттик органдардын ушул жаатта жасаган иштерине баа берилчү эмес.

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова мамлекеттик органдардын эл аралык талаптарды, адам укугун кандай сактаганы боюнча мониторинг жүргүзүлүп, жыл сайын 10-декабрь — Адам укуктарын коргоо күнүнө карата рейтинг чыгарып турушарын, ошондой эле мыйзам бузган мамлекеттик кызматкерлердин ысымдары ачык жарыяланарын билдирди. Ал андан тышкары өлкөдөгү жалпы укуктук абалга токтолду.

«Байкасаңар, 31 жылдан бери адам укугунун сакталбашы боюнча көйгөйлөр бирдей, көп учурда системдүү укук бузуулар бар. Акыйкатчы тарабынан канчалык көнүл буруу актылары, сунуштамалары киргизилгенине карабастан, тилекке каршы, аткарылбай келет. Биз кечээ аткарылбаганын Жогорку Кеңеште да айттык. Алар өздөрү ким аткарбай жаткан болсо, тизмесин берүүнү суранышты. Депутаттар аларга карата чара көрүүнү, жоопкерчиликке тартууну демилгелешүүдө. Ошондуктан биздин сунуштарды жана адам укуктары жаатындагы эл аралык стандарттагы сунуштамаларды аткарбаган бардык мамлекеттик кызматкерлердин тизмесин түзөбүз. Анан парламентке чара көрүүсүн өтүнүп, жиберебиз. Андан кийин тизмесин расмий сайтыбызга жарыялап, кайсы учурда кантип мыйзам бузду, кайсы учурда аракетсиздик кылды, булардын баарын жазуу түрүндө көрсөтөбүз. Жогорку Кеңеш өзү баа берип-бербегенин элге маалымдап турабыз. Ошондо балким Кыргызстанда адам укугу сактала баштайт».

Акыйкатчы институтунун берген маалыматы боюнча, адам укуктарынын эл аралык индексинде Кыргызстанга карата 1311 сунуш айтылган. Кыргызстан балдардын бактылуулугу боюнча 96-орунда, гендердик теңсиздик боюнча 83-орунда, мыйзам үстөмдүгү боюнча 139 мамлекеттин ичинен 99-орунда, жарандык эркиндик боюнча 206 өлкөнүн ичинен 156-орунда турат.

Акыйкатчы институтунун аппарат жетекчиси Аскат Азарбековдун айтымында, акыйкатчынын сунуштарын жана универсалдуу мезгилдүү сереп боюнча эл аралык стандарттагы сунуштамаларды аткарбаган мамлекеттик органдар боюнча рейтингдин жыйынтыгы элдин жашоосуна түздөн-түз таасир этет.

«Эл аралык каржы институттары, инвестициялар жана башка өлкөлөрдүн Кыргызстанга болгон мамилеси, биринчи кезекте адам укуктарынын канчалык сакталышына карап баа берилет. Берилген баага карап, инвестиция жана каражаттардын келиши күтүлөт. Башкача айтканда, адам укуктарынын сакталышы экономиканын өсүшүнө түздөн-түз таасир этет. Былтыр биз адам укуктарынын индексин карап чыкканбыз. 40% эл укук бузууга кабылганын билдирген. Ошол эле учурда саламаттыкты сактоого болгон укуктарын 30% эл сакталат десе, 65%ы сакталбайт деп, Башмыйзамда көрсөтүлгөн укуктары сакталбай келгенин билдирген. Билим берүү жаатында деле ушундай көрүнүштөр. Эгерде биз берген сунуштардын аткарылышы камсыздала турган болсо, адам укуктарынын сакталышы боюнча жок дегенде 50% алдыга чыгабыз, бул жаатта жакшы жыйынтыкка жетебиз деген кепилдик бар».

Акыйкатчынын сунуштарын эң төмөнкү деңгээлде Мамлекеттик курулуш 16,6% аткарган, андан бир аз жогорку орунда Билим берүү жана илим министрлиги 21,6% аткарган, ал эми эң жогорку деңгээлде Экология министрлиги менен Тышкы иштер министрлиги 72%га аткарган.

Сунуштамаларды аткарбоонун негизи себеби Акыйкатчы институту толук көзөмөлгө алган эмес, ошол эле учурда мамлекеттик кызматкерлер адам укугу боюнча милдеттенмелерди билишпейт. Мындан сырткары 2022-жылы гана адам укуктары боюнча тийиштүү план иштелип чыккан.

«Балдар укугун коргоочулардын лигасы» коомдук фондунун башчысы Назгүл Турдубекова өлкөдө мамлекеттик кызматкерлердин адам укуктарын сакташын мындайча баалады:

«Орто Азиядагы өлкөлөргө салыштырсак, биздин өкмөттүн өкүлдөрү адам укуктарын сактоого аракет кылышат. Бирок алар да ар кандай оор кырдаалдарга учураганы үчүн жумуштан кыскартуу болот, кадрлардын бат алмашуусу боюнча да маселе бар. Бизде институционалдык тажрыйбасы бар кызматкерлер аз. Бүгүнкү иштеп жаткан Өкмөттүн адистери эл аралык стандарттарды толук кандуу түшүнбөй калышат. Билбегени үчүн шалаакылык кылышы мүмкүн, адам укуктарын коргобой коюшат, же кайрадан бузуп алышат. Оор кырдаалга учураган ар бир адамдын укугун коргогонго өкмөттүн өкүлдөрү даяр болуп турушу керек. Бул БУУнун деңгээлинде алынган биздин милдетибиз». 

Адам укугу биринчи кезекте мамлекет тарабынан бузуларын, кызматкерлеринин укук бузуусун мамлекет гана калыбына келтире аларын «Кылым шамы» уюмунун негиздөөчүсү, укук коргоочу Азиза Абдирасулова  айтты.

«Мамлекет тарабынан адам укугунун сакталышы адам укугунун негизин түзөт. Бүгүн бир топ жагдайдан артка кеттик. Ошол эле сөз эркиндиги, тынч жыйындар боюнча, кыйноо фактылары боюнча, кызмат абалынан пайдаланган кылмыш боюнча иликтөөнү УКМКга берип койгон. Биринчиден, аларда жетишээрлик тажрыйба, жетиштүү санда иликтөөчү кызматкер жок экен. Ошону менен такалып турат. Ошондуктан прокуратура органынан УКМКга алып бергени туура эмес болгон. УКМК бүгүн кызматтык кылмыштар менен экономикалык кылмыштарды кароону өзүнө алып, «монстр» болуп калды. Кызматта тургандардын үстүнөн кылмыш ишин козгоп, «пачкалап» алып барып камап жатат. Экономикалык кылмыштар боюнча ишкерлерди ыйлатып жатат. Керек болсо УКМК сотторго кийлигишип, аларга көрсөтмө бергенге чейин барып калды. Бүгүкү күндө бийликти президент менен УКМК тең жарымдан бөлүп алгандай болуп калды». 

Иш-чаранын жыйынтыгында Акыйкатчы институту даярдаган методология эл аралык рейтингде Кыргызстандын ордун аныктоого жетишкендиктерди жана кемчиликтерди аныктоого жардам бере турганы айтылып, катышуучулардан колдоо тапты.

Copyright © 2017 Maral FM