Биз менен байланышыңыз

Уролог: Жыныстык оорулар жыныстык жол менен гана жукпайт

Кыска кабар , Пикирлер | 10 Июн 2022 | 682 | 0

Хламидиоз, уреаплазмоз, трихомониаз жана гонорея сыяктуу жугуштуу оорулар бир гана жыныстык жол менен жукпайт. Гигиеналык каражаттарды туура эмес колдонуудан да, коркунучтуу оору жугузуп алуу ыктымалы бар. Бул тууралуу Улуттук госпиталдын урологу Нурбол Курманбеков «Маралдын» эфиринде билдирди.

Ал бул оорулар кандай учурда жугуп калышы мүмкүн экенин айтып берди.

«Мисалы, бир эле жуунучу каражатты, же болбосо тиш щётканы бир нече адам колдонсо, мончодон чыккандан кийин сүлгү менен эмес, кийим менен аарчынса, коркунучтуу жугуштуу оорулар жугуп калышы мүмкүн. Энеден балага вертикалдык жол менен жугуп калат. Хламидиоз, уреаплазмоз жана микоплазмоз оорулары эркек кишиге жукканда эч кандай клиникалык белгилери болбойт. Балким, башка оорулар менен билинип калышы мүмкүн. Бул оорулар простата безинин жабыркашына, табарсыктын сезгенишине алып келет да, башка органдарга залакасын тйигизет. Өзгөчө былжыр чел кабыктарды жабыркатат. Ал эми бул оорулар аялдарга жукса, жыныс мүчөлөрүндөгү сезгенүүлөр башталат».  

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM