Биз менен байланышыңыз

Чет өлкөлүк инвесторлор биринчи кезекте эмнелерге көңул бурушат?

Кыска кабар , Пикирлер | 10 Июн 2022 | 600 | 0

Чет өлкөлүк инвесторлор алгач иштеше турган жамааттын түзүмүнө көңүл бурат. Бул тууралуу «Кыргызиндустрия» ачык акционердик коомунун тышкы экономикалык байланыштар жана соода боюнча вице-президенти Азамат Байышбеков «Маралдын» эфиринде билдиди.

Ошондой эле айтылган убадалардын аткарылышына маани беришет.

«Чет өлкөлүк инвесторлор жамаатта кандай адамдар иштеп жатканына карашат. Ошондой эле айтылган убадалардын аткарылышы алар үчүн абдан маанилүү. Биз бир нерсени айтып, бирок аткарбай койсок, демек, биз алардан үмүт үзсөк болот. Мындан сырткары сот жана укуктук тутумдары канчалык ачык-айкын иштегенине жана  ишкердин мыйзамдуу кызыкчылыктарынын корголушуна көңүл бурушат».

Адис «Кыргызиндустрия» ачык акционердик коомунда тажрыйбалуу, таланттуу, энергиялуу жаштар иштеп жатканын айтып, муну менен инвесторлорду кызыктырса болорун кошумчалады.

Белгилей кетсек, быйыл Кыргызстанда баштапкы капиталы 1 млрд сом болгон «Кыргызиндустрия» ачык акционердик коому түзүлдү.

Аталган коом инвестицияларды тартуу боюнча иш-чараларды ыкчам жана өз алдынча жүргүзүү, эл аралык корпорациялар менен кызматташуу, биргелешкен ишканаларды түзүү максатында ачылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM