Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 10-июнда Ереван шаарында өтө турган Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун Тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйынына катышат. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы кабарлады.
Министрлер кеңешинин жыйынында эл аралык жана аймактык коопсуздук, ЖККУнун ишмердиги, уюмдун кризис менен күрөшүү механизмин өркүндөтүү маселелерин талкуулоо пландалууда.
Жыйынтыгында уюмдун алкагында кызматташууну өнүктүрүү боюнча бир катар документтерге кол коюу пландалууда.