Биз менен байланышыңыз

Депутаттык комиссия кесиптик кошуундардын ишин иликтейт

Саясат | 9 Июн 2022 | 555 | 0

Жогорку Кеңеште Кесиптик кошуундар федерациянын ишине нааразычылыктар айтылды. Федерациянын жетекчилик кызматынын айланасында акыркы бир нече жылдан бери талаш-тартыш, жаңжалдар орун алып келет. Жакында эле мурдагы жетекчиси Мирбек Асанакунов коррупцияга айыпталып кармалган. Коомчулукта федерациянын ишинин ачыктыгын, тазалыгын жана натыйжалуулугун жогорулатуу талабы дайыма коюлат. Темага алдыда кененирээк токтолобуз.

Бүгүнкү Жогорку Кеңештин жыйынында бир катар социалдык-экономикалык багыттагы көйгөйлөр көтөрүлдү. Алардын катарында депутат Шайлообек Атазов «Профсоюздар уюму 72 имаратты сатып, өздөрү Швейцариядан үй алышкан» деген маалыматты айтып, УКМКны бул ишти иликтөөгө чакырды.

«Профсоюздар уюму 72 имаратты сатып жиберишкен, ата-бабаларыбыздан калган имараттарды саткан профсоюздардагы 29 адам. Алар монополия кылып, өлкөдө уурулук кылып жатышат. «Бир өкүлү Президенттик аппаратта, бир өкүлү Башкы прокуратурада, эмне кылышыбызды билбей калдык» деген кайрылуулар келип жатат. Учурда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети бул багытта чоң иштерди жасап жатат, ушул ишти да иликтеп берсе. Себеби профсоюздар жайкы каникулда кайрылган кызматкерлердин бирин да кабыл албай, ушулардын азабын тартып жатат. Булар Швейцариядан катар-катар үй сатып алышыптыр. Алардын коргоочулары ким маселени көтөрсө, тааныш-билиш таап, жаптырып коюп жатат. Эсеп калатасы текшерип чыккан, 72 имарат эмне деген нерсе? Буларга кимдин күчү жетет?»

Кесиптик кошуун — жарандардын ыктыяры менен түзүлгөн коомдук негиздеги көз каранды эмес бирикме. Уюм өз ишмердиги боюнча жумуш берүүчү тараптар менен мамлекеттик бийлик органдарына баш ийбейт. Болгону каржылык ишмердигин Эсеп палатасы жылына бир жолу текшере алат. Кээ бир маалыматтар боюнча, бирикменин жалпы бюджети 1 млрд сомдон ашат.

Өткөн жылы Жогорку Кеңештин 31-марттагы жыйынында «Кесиптик кошуундар жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизилген жаңы долбоор III окууда кабыл алынып, президенттин кароосуна жиберилген. Мыйзамдын кабыл алынышына каршы митингге чыккан кесиптик кошуундун өкүлдөрү «мыйзам толук ишке кирсе, профсоюздардын ишин аксатып, өз миссиясын жетиштүү деңгээлде аткара албай калат» дешкен. Жыйынтыгында мыйзам президенттен колдоо таппай, артка кайтарылган.

Депутат Балбак Түлөбаев да кесиптик кошуундардын ишин иликтөө керектигин белгилеп, элди сыздатып жатканына токтолду.

«Профсоюздар — өлкөгө салым кошуп, элди эс алдыруучу, аларга кызмат көрсөтүүчү жер. Бирок акыркы убакта өтө начарлап кетти. Мага күндө көлдөгү профсоюздардын куратору боюнча, Жети-Өгүз боюнча, Чүй облусу боюнча жазып жатышат. Ошондуктан депутаттык комиссия түзүү үчүн комитеттин чечими керек болсо, чыгарып берели. Комиссия түзүп, профсоюздардын баарын текшерели. Элди сыздатып, какшатып бүтүштү. Ооба, өзүнчө орган экенин билем. Бирок айла жок айтканга мажбур кылып, айла жок Жогорку Кеңеш кийлигишкенге туура келип жатат».

Депутат Айбек Осмонов кесиптик кошуундардын ишин иликтеген комиссия түзүүнү сунуштады. Бул маселе 15-июндагы жалпы жыйында карала турган болду.

Депутат Таалай Масабиров Профсоюздар федерациясына караган имараттардын жана жерлердин абалына кызыгып, Базар-Коргон районунун Арстанбап аймагындагы пансионаттарды кимдер ижарага алып, кимдер иштетерин, ага канча каражат беришерин тактап чыгууну талап кылды.

«Эл арасында пансионаттарды 20 жылга арендага алышып, болбогон акча төгүшөт, ичиндеги имараттарын да арендага берип таштаган. Бюджетти көтөрүү максатында аларды кайрадан карап чыгышыбыз керек».

Кыргызстан Кесиптик кошуундар уюму эмгекти коргоо жаатында иш алып барып, жашоо-тиричилик, эмгек, социалдык маселелер боюнча нормативдик актыларды, мыйзам долбоорлорун бийлик органдарына сунуштап, алардын аткарылышын көзөмөлдөйт.

Бүгүнкү күнү аталган федерациянын 8 миңден ашуун баштапкы уюмунда, 20 тармактык профсоюзунда, 6 облустук профсоюздар кеңешинде жалпысынан 750 миңдей мүчө бар.

Copyright © 2017 Maral FM