Биз менен байланышыңыз

Кокулов: «Ак-Кеме» мейманканасын атайылап банкрот кылып жатышат

Кыска кабар | 9 Июн 2022 | 493 | 0

«Ак-Кеме» мейманканасын атайылап банкрот кылууга алып бара жатышат. 16 кабат, Бишкектин эң кымбат жеринде жайгашкан мейманкананын 2021-жылдагы кирешеси болгону 300 миң сом болгон. Мындай маалыматты парламенттин бүгүнкү жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Эрулан Кокулов билдирди.

Анын айтымында, мейманкананын жанындагы кафенин ижара акысы эле 300 миң сом болуп, ага караганда көп акча табат.

«Мен барып сурасам, лифттер иштебейт дешти. Бешке жакын лифт бар экен, алардын бирөөсү да иштебей калыптыр. Мен лифт орноштурган компанияларга барып сурасам, бир лифтти 28 миң 200 долларга орнотуп беришет экен. Эч болбосо мейманкана кылбастан, офис кылып койсо, кирешеси көбүрөөк болмок. Эмне үчүн мындай, колдо турган нерсени иштете албайбыз? Бул жерде президенттик номерлер күнүнө 1700 сом, жөнөкөй номерлер күнүнө 1000 сом экен, бул баалар кайдан коюлган? Кыргызстанда күнүнө 1000 сомдон номерлер барбы азыр?» — деди ал.

Ошондой эле ал мейманкананын мурдагы жетекчилигине иш ачылып, аягы эмне менен бүткөнү белгисиз экенин сынга алды.

Өкмөт «Ак-Кеме» мейманканасына байланыштуу иш боюнча үн катты

Copyright © 2017 Maral FM