Биз менен байланышыңыз

Шахмат мектеп программасына эмне үчүн кирбей калууда?

Кыска кабар , Пикирлер | 9 Июн 2022 | 311 | 0

Шахматты мектеп программасына киргизүү демилгеси көп жылдан бери көтөрүлүп, бирок ишке ашпай келет. Кыргызстандын шахмат федерациясынын президенти Милан Турпанов «Маралдын» эфиринде бул маселенин себептерин түшүндүрдү.

Ал белгилегендей, бийлик өкүлдөрү дайыма спортту өнүктүрүү, ден соолукту чыңдоо керек деп айтып келишкени менен ишке ашырууда бир топ көйгөй бар.

«2017-жылдан 2019-жылга чейин шахмат боюнча дүйнөнүн бир нече жолку чемпиону Анатолий Карпов Кыргызстанга төрт жолу келип кеткен. Ошол учурдагы президент, премьер-министр, билим берүү министри менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, бир нече маселени чечкендей болгон. Тилекке каршы, андан кийин пандемия болуп, шахмат унутта калып калган», — деди ал.

Негизи шахматты мектеп программасына киргизүү стратегиялык максатты жана узак жолду камтыйт. Буга баруу үчүн бир нече тепкичтен өтүү керек.

«Алгач Ош жана Бишкек шаарларында шахмат боюнча пилоттук класстарды ачуу керек. Анын зарылчылыгын бийлик өкүлдөрүнө, коомчулукка далилдеп берүү керек. Ошондо бул демилге министрликке, парламентке, андан кийин президентке жетип, методикалык, каржы жана кадр маселеси чечүү жолуна түшөт. Ар нерсенин өз убагы бар. Бизден ниет жана аракеттер көрүлүүдө, бир күндө максатыбыз ишке ашат деген үмүттөбүз».

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM