Биз менен байланышыңыз

«Кыргызстанды эл аралык көмүртек базарына чыгаруу керек»

Кыска кабар , Пикирлер | 9 Июн 2022 | 256 | 0

Азыркы мезгилде көмүртек базары дүйнөнүн бардык өлкөсүндө тездик менен өнүгүп, заманбап багытка айланды. Бул тууралуу Президенттин администрациясынын реформаларга мониторинг жүргүзүү жана талдоо бөлүмүнүн башчысы Азамат Темиркулов «Маралдын» эфиринде билдирди.

Дүйнөдө көмүртек рыноктун көлөмү болжол менен 48 миллиард долларды түзүүдө. Темиркулов бул жагдайды эске алганда Кыргызстанды да көмүртек рыногуна чыгаруу милдети коюлганын айтты.

«Бизде бардык ресурс бар. Тактап айтканда, жер ресурстарынын көлөмү болжол менен 7 миллион гектар. Бул жерде биз көмүртек чарбаларын түзө алабыз. Ошондой эле токой отургуза алабыз, анткени бизде жер питомниктери бар. 942 гектар питомниктерге, оту качкан жайыттарга, арыктап кеткен жерлерге жана суюлуп кеткен токойлорго көбүрөөк бак-дарак отургузууга умтулушубуз керек. Бул аймактардын баарын жашылдандыруу абзел».

Ал «эндемик» сортундагы бак-дарактарды отургузуу керектигин баса белгиледи. Мындан сырткары чет өлкөдөн алып келбестен, жергиликтүү бак-даракка басым жасоо зарылчылыгына токтолду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM