Биз менен байланышыңыз

«Мамлекеттин экономикасын заманбап багытта өнүктүрүүгө аракет жасалууда»

Кыска кабар , Пикирлер | 9 Июн 2022 | 313 | 0

Бүгүнкү күндө президенттин администрациясында салттуу экономика менен заманбап экономиканы айкалыштырып, жаңы, келечектүү багытта өнүктүрүүгө аракет жасалууда. Бул тууралуу Президенттин администрациясынын реформаларга мониторинг жүргүзүү жана талдоо бөлүмүнүн башчысы Азамат Темиркулов «Маралдын» эфиринде билдирди.

Ал жашыл, креативдүү жана санариптик экономика тууралуу сөз кылып, аталган үч багыт дүйнөдө биринчи орунда турганын кошумчалады.

«Азыркы мезгилде дүйнөдөгү өлкөлөр жашыл экономикага көңүл буруп келе жатат. Биз бул багытты өнүктүрүүдө башка өлкөлөрдүн практикасын көчүрүп колдонбошубуз керек. Себеби бизде жеңил жана оор өнөр жай жок, табиятыбыз да, экономикабыз да такыр башкача.

Биз биринчи кезекте жашыл экономиканын принциптерин мал чарбасына, токой чарбасына жана багбанчылыкка киргизишибиз керек. Алар азыр эң артыкчылыктуу болуп турат. Биз жашыл экономиканын өзүнчө бир бөлүгүн иштеп чыгып, ушул үч принципти коштук. Азыр Министрлер кабинети тарабынан иш-чаралар планы кабыл алынып, мамлекеттик органдар тарабынан ишке ашырылууда. Жакынкы убактарда бул иш-чаралардын жемишин көрө алабыз десем жаңылышпайм».

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM