Биз менен байланышыңыз

Футбол: Кыргызстан Сингапурду 2:1 менен жеңди

Кыска кабар | 8 Июн 2022 | 603 | 0

Кыргызстандын футбол боюнча курамасы 8-июнда Сингапурдун командасы менен ойноп, 2:1 эсебинде жеңип алды.

Беттеш Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өттү.

Биринчи тайм 0:0 эсебинде аяктады. Экинчи таймдын 55-мүнөтүндө Сингапурдун оюнчусу эсепти ачты. Ал эми оюндун 76-мүнөтүндө Сингапурдун дарбазасына 11 метрлик айып сокку белгиленди. Кыргызстандын курамасынын капитаны Валерий Кичин гол киргизип, эсепти 1:1ге өзгөрттү.

Оюндун 81-мүнөтүндө «Ак шумкардын» оюнчусу Виктор Майердин гол киргизип, Кыргызстан 2:1 эсебинде жеңүүчү аталды.

2023-жылы өтө турган футбол боюнча Азия кубогунун тандап алуу оюндарынын алкагында Кыргызстандын курама командасы F тайпасында Тажикстан, Мьянма жана Сингапурдун командалары менен ойнойт.

“Ак шумкарлар” эми 11-июнда Мьянма, 14-июнда Тажикстандын курама командасы менен оюн талаасына чыгат.

Copyright © 2017 Maral FM