Биз менен байланышыңыз

Бишкек шаарында быйыл 60 көчөнүн жолу, 5 көпүрө оңдолот

Кыска кабар , Пикирлер | 8 Июн 2022 | 312 | 0

Азыркы тапта Бишкек шаарынын жолдорун өнүктүрүү долбоорунун II фазасына ылайык, 60 көчөдө иш жүрүп жатат. Бул тууралуу Транспорт департаментинин техникалык көзөмөлдөө жана ордерлерди берүү бөлүмүнүн башчысы Мирлан Алыраев «Маралдын» эфиринде билдирди.

Кытай грантынын эсебинен II фаза 2021-2022-жылдарга пландалган. Жумуштар 2021-жылы башталып, 28 көчөнүн жолу оңдолуп бүттү. Ал эми калгандарын толугу менен бүтүрүп, реконструкцияга берүү быйыл ноябрь айынын аягында пландалууда.

60 көчөнүн жалпы узундугу 70 км. Анын ичинен 33 км жаңы конуштарда.

Мындан сырткары 2 фазанын алкагында 5 көпүрө куруу иштери каралган. Булар да жылдын аягында ишке берилет.

Гранттын эсебинен салынып жаткан жолдорду толугу менен Кытай мамлекети каржылайт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM