Биз менен байланышыңыз

Алты ай мурун кабыл алынган Салык кодексин өзгөртүү демилгеленүүдө

Саясат | 8 Июн 2022 | 968 | 0

Президент Садыр Жапаров ушул жылдын 18-январында жаңы Салык кодексине кол койгон. Арадан көп убакыт өтпөй бүгүн Жогорку Кеңеште «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда каралды. Мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин депутаттары Марлен Маматалиев жана Данияр Төлөнов тарабынан демилгеленүүдө. Алардын айтымында, кыска мөөнөт ичинде эле кабыл алынган кодексте мүчүлүштүктөр бар экени тастыкталган. Салык кодексине кандай өзгөртүүлөр киргизилерин алдыда баяндайбыз. 

Бүгүн Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда каралды. Демилгечилердин бири депутат Марлен Маматалиев баяндама жасап, мыйзам долбооруна өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн максаты Кыргызстандын аймагынан тышкары жерлерде иш жүргүзгөн ата мекендик уюмдарды жана мигранттарды колдоо, ошондой эле өлкө бюджетине салыктык чегерүүлөрүн көбөйтүү үчүн коомдук тамактануучу жайлардын салыгын төмөндөтүү болуп саналарын белгиледи. Тагыраагы, коомдук тамактануучу жайлар үчүн салыкты төмөнкүдөй өлчөмдө аныктоо сунушталды:

  • Бишкек жана Ош шаарларында — 6% накталай формада, 4% накталай эмес формада;
  • Калган аймактарда — 5% накталай формада, 3% накталай эмес формада.

«Ишкерлерибиз башка өлкөлөрдө өзүнүн ишин жүргүзүп, ал өлкөгө салык төлөп келсе да, биз: «Кыргызстанга да төлө», — деп жатабыз. Экинчи маанилүү өзгөртүү коомдук тамактануучу жайлардын салыгын 8%га көтөрүп койгон. Буга чейин алар келишим менен гана иштеп келишкен, кийин көтөрүлдү. Азыр салык жакшы чогулуп жатат. Бирок ошол эле учурда айрым ишкерлер көмүскөгө кетип калып жатат. Анткени 8% көп деп жатышат. Ал эми аймактарда өтө эле көп салык коюлуп калган. Эң негизи максатыбыз: көмүскө экономикадан чыгуу, ишкерлерге жардам берүү жана реалдуу шарттарга алып келүү. Бул жерде жалгыз гана коомдук тамактануучу жайлар, ал эми сауна, билиярд дегендердин салыгы 8% бойдон калат». 

Март айында ишкерлер жаңы салык кодексине өзгөртүү киргизүү талабын коюп, бир нече жолу митинг өткөрүшкөн. Коомдук тамактануу жаатындагы ишкерлер мурда жалпы салык режиминде иштеп, келишимдин негизинде ай сайын салык төлөп келишкен. Жаңы мыйзамга ылайык, кварталына кирешесинин 8%ын төлөөгө милдеттендирилген. Ишкерлер бул өлчөмдү 6%га түшүрүүнү суранышкан.

Жыйында депутат Дастан Бекешов кымбат ресторандар ар кандай шылтоолорду айтып, кассалык чек бербей турганын белгилеп, ал эми аймактарда таптакыр эле чек берилбегенин сынга алды.

Салык кызматынын төрагасынын орун басары Бекболот Алиев акыркы төрт айда чек талап кылуу үч эсеге өскөнүн, чектин берилбеши боюнча түшкөн даттанууларды дароо чечүү аракет жасалып жатканын айтты.

«Ар бир чек бербей койгон кайрылуулар боюнча бир сааттын ичинде тиешелүү салык кызматкерлерин жөнөтүп, жеринде чечкенге аракет кылып жатабыз. Салык чек боюнча лотерея 1-июлда ойнотулат. Биринчи лотереянын жыйынтыгынан кийин калкыбыз чек талап кылууга дагы да активдүү кирише баштайт деп ойлойм. Жыйынтыгын айтканымда, төрт айда үч эсеге өстү. Лотерея башталгандан кийин чек талап кылуу да өсөт деген ойдобуз».

10-майда Мамлекеттик салык кызматы тарабынан «Чек талап кылып, белек утуп ал!» аталышындагы лотерея башталган. Анда автоунаа, iPhone, баалуу белектер, ал эми башбайгеге Бишкектен батир ойнотулат.

Марлен Маматалиев билдиргендей, Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча ишкерлер менен Экономика министрлигинин ортосунда протоколго кол коюшкан. Анда салыкты 6%га түшүрүүгө эки тарап тең макул болгон.

Депутат Дастан Жумабеков: «Мыйзамды өзгөртүүгө Өкмөт макул болбой, концепциясы карама-каршы болуп калган учурда мыйзам долбоору артка кайтарылабы?» — деген суроо узатты.

Ага Маматалиев мындайча жооп берди: «Биз комитетте отурганда «Экономика министрлиги, салык кызматы менен чогуу жалпы эле Салык кодексиндеги мүчүлүштүктөрдү кошуп бир алып кетебиз» деген чечим кабыл алдык. Эгерде өкмөттөн каршы пикир келсе чыгарбайбыз».

Ал эми депутат Айсара Абдибаева ККМдерди орнотуунун башкы максаты коррупцияны, аткезчиликти жоюу болгону менен товарлар бажы кызматы аркылуу салык төлөнбөй кирип жатканын белгиледи.

«Бажы кызматы боюнча мага арыз келип түшкөн. Талас, Жамбыл өткөрмө бекеттеринен цемент кирет экен, ошол эле учурда бизден чыгарууга чектөө коюлганына карабай, шекер чыгып жатат экен. Булардын баары аткезчилик жолу менен болуп жатат. Бир тонна цементке 600 сомдон ашык салык бар экен, азыр бир унаада 12 тонна алып кирип, анын төрт тоннасына гана төлөшүп, калганы аткезчилик жол менен өтөт экен. Өткөн айда киреше менен чыктык деп, сиздерди ашыкча мактаптырбыз. Бирок салык кодекси боюнча көйгөй өтө көп. Көмүскө экономиканы көтөрүү да ошонун ичине кирет. Ошондуктан катуу көзөмөл кылуу керек».

Жаңы салык кодексине ылайык, калкка кызмат көрсөтүүлөр жана соода толугу менен ККМ аппараттары аркылуу жүргүзүлүшү милдеттендирилген. Аны менен салык төлөөнү санариптештирүү, ишкерлерге бирдей шарт түзүү жана көмүскө экономиканы кыскартуу максатталган.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жыл башында кеңешме өткөрүп, Мамлекеттик салык кызматына 2022-жылы 150 миллиард сомдун тегерегинде салык жыйноо тапшырмасын берген.

Copyright © 2017 Maral FM