Биз менен байланышыңыз

Алыраев: 2023-жылы Бишкекте эстакадалык көпүрө курулат

Кыска кабар , Пикирлер | 8 Июн 2022 | 550 | 0

Бишкек шаарындагы жол тыгындар эң көйгөйлүү маселелердин бири болуп саналат. Тыгындарды азайтуу үчүн шаар ичине эки-үч кабат унаа токтотуучу жайларды жана эстакадалык көпүрөлөрдү куруу керек. Бул тууралуу Транспорт департаментинин Техникалык көзөмөлдөө жана ордерлерди берүү бөлүмүнүн башчысы Мирлан Алыраев «Маралдын» эфиринде билдирди.

Эстакадалык көпүрөнү борбор калаада куруу үчүн Кытай грантынын эсебинен үчүнчү фазада болжолдуу түрдө 244 миллион юань каралган.

«Көпүрөнү салуу долбоорун да Кытай мамлекети өзү сунуштайт. Алар менен жолдору оңдоп берүү боюнча үчүнчү фаза тууралуу да сүйлөшүүлөр болуп жатат. Мунун негизинде 2023-2024-жылдары эстакадалык көпүрөнүн курулуш иштери да башталат деген ойдобуз.»

Адистин айтымында, эсткадалык көпүрөнү шаардын Фучик – Лев Толстой жана Жаш Гвардия – Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилишине куруу пландалууда. Себеби өтө көп тыгын ушул көчөлөрдө катталат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM