Биз менен байланышыңыз

Исаков тамекиге каршы кантип күрөшүү керектигин айтты

Кыска кабар , Пикирлер | 8 Июн 2022 | 272 | 0

Дүкөндөрдө же көчөлөрдүн жээгинде тамеки буюмдардын сатылып жатканы Антимонополияга каршы мамлекеттик агенттикке караштуу. Бул боюнча көзөмөл жүргүзүү иштери аларга жүктөлгөн. Бул тууралуу ИИМдин Коомдук коопсуздук кварталдык милиция бөлүмүнүн жетекчиси Канатбек Исаков «Маралдын» эфиринде билдирди.

Ал министрлик тарабынан бул жагдайды козөмөлдөө иштери кандай жүргүзүлөрүн түшүндүрдү.

«Тамеки чегип кармалган өспүрүмгө биринчи кезекте психологиялык жана моралдык жактан басым көрсөтпөө үчүн тийиштүү органдардын өкүлдөрү менен биргеликте профилактикалык иштер жүргүзүлөт. Анын алкагында тамеки кайсы жактан сатылганын аныктап, тиешелүү соода түйүнүнүн ээлерине чара көрүлөт. Ар бир мектепке инспекторлор бекитилген, алар бул боюнча өспүрүмдөргө түшүндүрүү жана көзөмөлдөө иштерин жүргүзүп келишет. Ошондой эле балдардын ата-энелери жана мектеп жамааты менен да сүйлөшүүлөр болуп турат».

Аткарылып жаткан иштердин натыйжасы майнаптуу болбой жатканын мойнуна алды адис.

Ал бул терс көрүнүштөрдү токтотуу үчүн ылдый жактан эмес жогору жаткан башташы керек деген ойдо.

«Азыркы тапта тамеки лоббиси жүрүп жатканы баарыбызга маалым. Мамлекет ушулар менен иштеши керек. Себеби көчөдө отуруп тамеки саткан эже, байкелерге чек коюу менен көп нерсе чечилбейт. Мындан жогору жактагылар менен иштешүү зарыл».

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM