Биз менен байланышыңыз

Исабекова: Электрондук тамекилердин зыяны көп

Кыска кабар , Пикирлер | 8 Июн 2022 | 338 | 0

«Кадимки тамекилерге караганда электрондук тамекилердин зыяны аз» дегенден алыс болуу керек. Мындай пикирин Бишкек шаардык студенттер бейтапканасынын башкы дарыгери Дамира Исабекова «Маралдын» эфиринде билдирди.

Адис азыркы тапта электрондук тамекилер зыяндуу эмес дегендер көбөйүп жатканын, бул туура эмес экенин белгиледи.

«Эгер кадимки тамекилердин буусунда 4 миңден ашуун уулуу зат бар болсо, электрондук тамекиде да дал ушундай көлөмдөгү заттар бар. Бул зыяндуу заттар электрондук тамекилердин суюктугунун ичинде болот».

Бул боюнча ДССУнун Кыргызстандагы акыркы изилдөөлөрү 2019-жүргүзүлгөн. Ага 5 миңден ашык окуучу катышкан. Анын жайынтыгы боюнча тамеки тарткан эркектердин саны 4%, кыздар болсо 1,6%ды түзгөн. Мунун ичинде насвай чеккендер да бар. Ошондой эле кальян чеккен 13-16 жаштагы кыздар арасында 0,6% түзгөн, ал эми 4,3% эркек балдар болгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM