Биз менен байланышыңыз

Түлөбаев Садыр Жапаровдун фондунан малы кырылган чабандарга акча бөлүүнү суранды

Кыска кабар | 8 Июн 2022 | 558 | 0

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу менен Жети-Өгүз райондорунда 29-30-май күндөрү кар калың жаагандыктан бир нече аймакта көчкү жүрүп, Ысык-Көл облусунун айрым райондорунда жолдор жабылып калган. Ошондой эле табигый кырсыктын кесепетинен миңге жакын мал кырылган. Бүгүнкү Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Балбак Түлөбаев Жогоку Кеңештин төрагасынын фондунан жана президент Садыр Жапаровдун фондунан чабандарга акча бөлүүнү суранды.

Ошондой эле ал төрага Талант Мамытовго кайрылып, Өкмөткө жардам берүүчү башка булактарды табуу боюнча протоколдук тапшырма берүүсүн сунуштады.

Ал мисал катары «Ысык-Көл өнүктүрүү» фонду жана акимдердин фондунан каржылык жардамды алууга боло турганын айтты.

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев 2-июнда парламентте Ак-Суу жана Жети-Өгүз райондорунан миңге жакын кой-эчки, 200дөй бодо мал жана жылкы өлгөнүн айткан. Бирок бүгүнкү күнгө чейин табигый кырсыктан канча чыгым болгону айтыла элек.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM