Биз менен байланышыңыз

«Аядардын насвай чеккени маркетингдин бир кадамы болууда»

Кыска кабар , Пикирлер | 8 Июн 2022 | 593 | 0

Кыргызстанда насвай аткандар 1%дан 12%га көбөйдү. Бул тууралуу Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун адиси Анара Калимева «Маралдын» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, айрыкча аялдардын арасында насвай чеккендер көбөйүүдө.

Адис мунун себебин түшүндүрдү.

«Аялдардын насвай чеккенинин көбөйүшү маркетингдин бир жолуна айланып калган. Тамеки өндүрүштөр көп маалымат берип, үндөп жатышат. Булар көбүнчө электрондук тамекилерге басым жасоодо. Ал эми электрондук тамекилерди ала албаган кишилер насвай чегип жатышат. Ошондой эле насвайды аялдар жети эсе, эркектер үч эсе көп колдоно башташкан. Буга бир жагынан тамекинин кымбатташы, экинчи жагынан насвайдын жөнгө салынбаганы таасир этүүдө».

Тамекиге салыштырмалуу насвайдын зыяны кыйла көбүрөөк. Себеби тамекинин курамында никотин 1 миллиграмм гана болсо, насвайда 3 миллиграммдан жогору болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM