Биз менен байланышыңыз

Бүгүн «Камбар-Ата-1» ГЭСинин курулушу башталат

Кыска кабар | 8 Июн 2022 | 219 | 0

Бүгүн, 8-июнда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Жалал-Абад облусундагы «Камбар-Ата-1» ГЭСинин курулушунун башталышына старт берет. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Кошумчалай кетсек, «Камбар-Ата-1» ГЭСи 1860 МВт кубаттуулукта болуп, жылына 5 млрд кВт саат электр энергиясын өндүрөт. Алдын ала баалоо боюнча, ГЭСтин плотинасынын бийиктиги 256 метрди түзүп, 5.5 млрд кубдан ашуун көлөмдө суу чогулта алат.

Иш-чара УТРК жана республикалык телеканалдардан саат 10:00дө түз эфирде чагылдырылат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM