Биз менен байланышыңыз

Илимпоз аялдардын азайышы коомду деградацияга учуратат

Коом , Саясат | 7 Июн 2022 | 521 | 0

Аялдардын илим-билимдеги орду унутта калгандай. Себеби «билимдүү эне – билимдүү коом» деп көп айтылганы менен ал иш жүзүнө ашпайт. 

Бүгүн Кыргызстандагы коомдук фонддун өкүлдөрү, профессорлор, илимпоздор тегерек стол уюштуруп, «Илимдеги жана билим берүүдөгү аялдар: тенденциялар жана келечек» темасын талкуулашты. Алар аялдардын илим тармагында иш алып баруусундагы тоскоолдуктар, стереотиптер жөнүндө маселелерди козгошту. 

«Бир аял билимдүү болсо, жарыгы өз үй-бүлөсүнө тиет. Бардык аял билимдүү болсо, жарыгы жалпы өлкөгө тиет» деген ураан менен башталган бүгүнкү иш-чаранын максаты илим-билим жаатында аялдардын ролу, бул тармакты өнүктүрүүдө алардын салымы, ошондой эле кесиптик жана моралдык жактан колдоо темаларын талкуулап, чечүү жолдорун сунуштоо жана анын үстүнөн иш алып баруу болуп саналат.

Жүргүзүлгөн анализ жана сурамжылоолорго ылайык, аял изилдөөчүлөр үчүн илим менен алектенүүгө керектүү социалдык жана коопсуздук шарттардын түзүлүшү маанилүү экени аныкталды. Ошондо гана алар илимий иш-аракеттерди эркин жүргүзүп, убактысын илимге толук арнай алышат.

Өлкөдө илимдин докторлорунун жана кандидаттарынын курамында аялдар эркектерге караганда кыйла азыраак. Жалпысынан 83 аял жана 300 эркек иш алып барууда.

Аялдардын илимдеги төмөн көрсөткүчүнө бир нече фактор жана тоскоолдук себеп экенин Бириккен Улуттар Уюмунун «Аялдар түзүмү» программасынын Кыргызстандагы өкүлү Сагипа Жусуева айтты:

«Илим менен алектенем деген аял үй чарбасын да жүргүзүүнү улантышы керек. Илим же үй-бүлө тандоосун жасоо оңой эмес, ошондой эле илим менен бирге үй тиричилигин да чогуу алып кетүү оңойго турбайт. Ал эми мындай тандоо эркектер үчүн суроо же маселе катары коюлган эмес да. Азыркы учурда «Эзелтен бери үй милдеттери аялдарга гана тиешелүү болуп эсептелет» деп көп айтышат. Бирок азыр заман башка. Эгер ушундай көрүнүш улана берсе, илим жана билим тармагында аялдардын көбөйүшү тууралуу сөз кыла албайбыз. Ошондуктан үй-бүлөдө жана коомдо ролдорду бөлүштүрүү, мамилелер тутумун өнүктүрүү зарыл. Үй-бүлөлүк милдеттерди эркек жана аял бирдей бөлүштүрсө, үй-бүлө үчүн алда канча пайдалуу болорун көптөгөн тажрыйбалар көрсөтүп келе жатат. Мындай түшүнүк бар үй-бүлөлөрдө киреше да жогорулайт, эки жубайдын ортосунда мамиле да жакшырат жана балдар бактылуу болуп өсөт». 

Статистикалык маалыматтарга ылайык, кыргыз аялдардын 53%ы эмгек миграциясында. Ал эми 99 миң бала ата-энесиз чоңоюп жатат.

«Роза Отунбаеванын демилгелери» коомдук фондунун аткаруучу директору Догдургүл Кендирбаева бул жагдайды эске алганда илимде аялдар өтө зарыл экенин белгилейт.

Ал аялдар эл аралык талаптарга жооп бере турган, алдыда өнүгө турган кесиптерди аркалышы керек деген ойдо. Анын пикиринде, аялдар IT-технология жана инновация жагын өздөштүрүп, үйдө компьютер аркылуу кызмат кылса, өзүнө да башкаларга да пайдалуу болот.

Адис дүйнөлүк эмгек рыногунун өзгөрүп кетиши тууралуу сөз кылып, азыркы заманда дүйнөлүк базарга акыл технологиялар жигердүү киргендиктен, жалан аялдар иштеген чөйрө жумушсуз каларын эскертти.

«Дүйнөлүк экономикалык форумдун анализи боюнча 2030-жылы 400 миллиондон 800 миллионго чейин планетада адамдар жумушсуз калат, биринчи иретте аялдар. Почта кызматында аялдар иштечү, бүгүн жок. Бухгалтерия, салык тармактары толук электрондук форматка өтүп жаткан кези. Ошондой эле электрондук телемедицина өнүгүп жатат жана туристтик гиддер да азайып бара жатат». 

Алыскы аймактарды өнүктүрмөйүнчө, өлкөнүн өнүгүүсү тууралуу сөз кылуунун кажети жок деп эсептейт профессор Чолпон Койчуманова. Анын айтымында, аймактарда айрыкча кыз-келиндердин социалдык-экономикалык мүмкүнчүлүктөрү жокко эсе жана бул аялдардын жашоо-турмушуна терс таасирин тийгизүүдө. Турмуштагы толгон-токой чечилбеген маселелер аялдардын илим жана билим менен алектенишине чоң тоскоолдук пайда кылат.

«Айыл жергесинде такыр шарт жок десек болот. Мисалы, ал жерде медициналык кызмат көрсөткөн ФАПтар эле бар. Ушул ФАПтардын абалы аябай начар. Материалдык-техникалык база жок, жадагалса, жылуулук да өткөрүлгөн эмес. Айылдарда оор социалдык-экономикалык абал аялдарга кесепеттерин тийгизүүдө. Жашоосуна жакшы шарт түзүлсө, алардын да илим-билимге умтуулусу күч алат эле».

Адистердин айтымында, илим жактаган аялдардын көбөйүшүнө мамлекеттик деңгээлде чаралар көрүлүшү шарт жана коомчулук тарабынан да колдоо көрсөтүлүшү керек. Стереотиптерден арылып, жаңыча ойлонуу менен инсандар бири-бирине болгон мамилелерди өзгөртүшү абзел.

Бул комплекстүү өзгөрүүлөрдүн аркасында ажырашуулардын саны азайып, балдар ата-энеси менен чогуу өсүп, коомдо билимдүү адамдардын көбөйүшү күтүлөт.

Дүйнөдө аялдардын 29,3%ы гана илимий иштер менен алектенет. Тактап айтканда, Европада 39%, Борбордук Азия өлкөлөрүндө 48% аял изилдөөчүлөр бар. Алардын ичинен Кыргызстанда илим менен алектенген аялдар 46,5%ды түзүп, Казакстандан кийин экинчи орунда турат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM