Бүгүн, 7-июнда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Манас райондук бөлүмүнүн жаңы административдик имаратынын ачылышы болду. Ага Атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиев катышты.
Манас райондук башкармалыгынын жаңы курулган имараты кызматкерлер үчүн керектүү заманбап жабдуулар менен толук камсыздалган. Эмгек шарттары талапка жооп берери айтылды.
Ошондой эле УКМКнын Талас шаарындагы жаңы имаратынын курулушуна капсула салынды.