Биз менен байланышыңыз

Саламаттыкты сактоо министрлигине жаңы орун басарлар дайындалды

Кыска кабар | 4 Июн 2022 | 315 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы кол койгон буйруктун негизинде Жаркынбек Касымбеков, Улан Садыков, Бүбүжан Арыкбаева саламаттыкты сактоо министринин орун басарлары болуп дайындалды.

Айта кетсек, 2-июнда Саламаттыкты сактоо министрлигиндеги кылмыштуу аракеттер боюнча министр Алымкадыр Бейшеналиев, орун басары Улук-Бек Бектурганов, Республикалык эмдөө борборунун директору Гүлбара Ишенапысова, Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаментинин директору Султан Сатарбеков Башкы прокуратура тарабынан кармалып, тергөө абагына жеткирилген.

Алар коронавируска каршы вакцина алууда коррупциялык аракеттерге, акча адалдоого барган деген шек менен айыпталып жатышат.

Буга байланыштуу бүгүн, 4-июнда президент Садыр Жапаров кол койгон тескеменин негизинде саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев менен башкы прокурор Курманкул Зулушев кызматынан убактылуу четтетилди. 

Ал эми Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун буйругу менен министрдин үч орун басары бүгүн кызматынан алынды.

Саламаттыкты сактоо министринин орун басарлары кызматынан алынды

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM