Биз менен байланышыңыз

Саламаттыкты сактоо министринин орун басарлары кызматынан алынды

Кыска кабар | 4 Июн 2022 | 600 | 0

Саламаттыкты сактоо министринин орун басарлары Улук-Бек Бектурганов, Жалалидин Рахматуллаев, Жапаркул Ташиев кызматынан алынды. Тиешелүү буйрукка Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Айта кетсек, 2-июнда Саламаттыкты сактоо министрлигиндеги кылмыштуу аракеттер боюнча министр Алымкадыр Бейшеналиев, орун басары Улук-Бек Бектурганов, Республикалык эмдөө борборунун директору Гүлбара Ишенапысова, Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаментинин директору Султан Сатарбеков Башкы прокуратура тарабынан кармалып, тергөө абагына жеткирилген.

Алар коронавируска каршы вакцина алууда коррупциялык аракеттерге, акча адалдоого барган деген шек менен айыпталып жатышат.

Эске салсак, 16-майда Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин орун басарлары Улук-Бек Бектурганов, Жалалидин Рахматуллаев, Жапаркул Ташиев жана айрым башкармалыктардын жетекчилери министрдин кызматтан кетишин талап кылып, маалымат жыйын өткөрүшкөн. Алар Алымкадыр Бейшеналиевдин ээлеген кызматына ылайыктуулугун карап көрүүнү өтүнүп, президент жана өкмөт башчыга кайрылышкан.

27-майда министр 27-майда Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматованы, юридика бөлүмүнүн башчысы Азамат Жумакеевди, өндүрүштүк иш бөлүмүнүн жетекчиси Гүлмира Ибраеваны ишинен бошотуп, үч орун басарын кызматтан кетирүү сунуштамасын Министрлер кабинетинин төрагасына жолдогон.

Министр Бейшеналиев үч бөлүм башчыны кызматтан алды

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM