Биз менен байланышыңыз

Министр Бейшеналиев үч бөлүм башчыны кызматтан алды

Кыска кабар | 27 мая 2022 | 1449 | 0

Саламаттыкты сактоо министрлигинин Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова, Юридика бөлүмүнүн башчысы Азамат Жумакеев, Өндүрүштүк иш бөлүмүнүн жетекчиси Гүлмира Ибраева кызматтан алынды.

Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалым болгондой, бул «башкармалык тарабынан жүргүзүлүп жаткан реформаларды ишке ашыруу жана Саламаттыкты сактоо министрлигинин борбордук аппаратында коюлган максаттарга жетүү максатында» жасалган.

16-майда Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин орун басарлары Улук-Бек Бектурганов, Жалалидин Рахматуллаев, Жапаркул Ташиев жана айрым башкармалыктардын жетекчилери министрдин кызматтан кетишин талап кылып, маалымат жыйын өткөрүшкөн. Алар Алымкадыр Бейшеналиевдин ээлеген кызматына ылайыктуулугун карап көрүүнү өтүнүп, президент жана өкмөт башчыга кайрылышкан.

Copyright © 2017 Maral FM