Биз менен байланышыңыз

Башкы прокурор Курманкул Зулушев кызматынан убактылуу четтетилди

Кыска кабар | 4 Июн 2022 | 2920 | 0

Президент Садыр Жапаров башкы прокурор Курманкул Зулушев менен саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди кызматынан убактылуу четтеткен тескемеге кол койду.

Бул тескеме Алымкадыр Бейшеналиевге карата козголгон кылмыш ишинин адилеттүү каралышын камсыздоо максатында кабыл алынганы айтылат маалыматта. Алар шектүүнүн күнөөсү бар же жок экени мыйзамдуу далилденгенге чейин ыйгарым укуктарын уланта албасы белгиленген.

Айта кетсек, саламаттыкты сактоо министри 2-июнда Башкы прокуратура тарабынан кармалып, тергөө абагына жеткирилген.

Башкы прокуратура Бейшеналиев коронавирус пандемиясына каршы вакцина алууда президенттин «Саламаттыкты сактоо тармагын өнүктүрүү боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө» жарлыгын одоно бузуп, коррупциялык аракеттерге барганын, акча адалдоо иштерине катышканын маалымдаган. Андан тышкары да жети берене боюнча сурак берип жатканын кабарлаган.

Буга байланыштуу президент Садыр Жапаров «Азаттык» сайтына маек берип, Алымкадыр Бейшеналиевдин иши боюнча атайын комиссия түзөрүн айткан.

Исхак Масалиев: Тергөө жүрүп жаткан учурда комиссия түзүлбөйт

Copyright © 2017 Maral FM