Биз менен байланышыңыз

Исхак Масалиев: Тергөө жүрүп жаткан учурда комиссия түзүлбөйт

Блог | 3 Июн 2022 | 8544 | 0

Президент Садыр Жапаров 2-июнда кармалган саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге козголгон иш боюнча коммисия түзгөнүн «Азаттык» радиосуна курган маегинде билдирген.

«Өзүм үчүн билейин. Калыс козголгонбу же жокпу, тактап бергиле», — дедим. Мен калыс болушум керек. Анткени коомчулукта «башкы прокурор менен министр экөө бири-бирине өчөшүп калган» деген пикирлерди айтып жатышпайбы. Ошол үчүн азырынча экөөнү тең бир жактуу каралоодон алыс болуп турсаңар. Тергөө жүрө берет. Эч ким тоскоол болбойт. Комиссия жөн гана материалдар менен таанышып келип, мага маалымат беришет. Ошондон кийин жыйынтык чыгарабыз».

Президенттин бул билдирүүсүнөн кийин Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев тергөө жүрүп жаткан учурда эч кандай комиссия түзүлбөй турганын айтып чыкты. Бул маселенин мыйзамдуу жагын талкуулоо максатында эл өкүлүнө микрофон сундук.

— Эмне үчүн президентке комиссия түзүүгө болбойт?

—Кылмыш кодексинде «тергөөгө эч ким кысым кыла албайт» деп так жазылган. Козголгон кылмыш иши боюнча тараптар болот: шектүү болот, адвокат болот жана тергөөчү болот. Андан тышкары ал ишке президент баш болуп, эч ким аралаша албайт. Анан комиссия түзгөнү — түшүнүксүз кадам. Анткени прокуратура ансыз деле президентке баш ийет. Прокурордун өзүнөн иш кандай жүрүп жатканын сураса болот да.

— А комиссия кайсы учурда түзүлөт? 

—Президентти жана Жогорку Кеңештин депутатын жоопко тарткан учурда гана комиссия түзүүгө болот. Болгондо да президент тарабынан эмес, Жогорку Кеңеш тарабынан. Андай комиссия түзүү жаңылык болуп жатат, эч ким комиссия түзгөн эмес. Анда бизде 240 кылмыш иши болсо, жылына болжол менен 18 миң кылмыш иши козголсо, анда президент ар бирине комиссия түзө береби? Эң негизгиси, башкы прокурор президентке баш ийет. Түшүнүксүз болсо, чакырып туруп, сурап алса болот.

— Президент маалымат алып туруу үчүн комиссия түзгөнүн айтып жатат. Чындап эле бул иш боюнча президенттин кабары жокпу? 

—Жок, президенттин маалыматы болушу керек. Айрыкча өкмөттүн мүчөсүнө чара колдонуу — чоң иш. Аны сөзсүз өлкө башчысы билет, ага кабар берилет. Өзү деле айтып жатпайбы, «кичине мыйзам бузуу бар экен» деп. Эми тергөө бүтө электе комиссия барып баа бермек беле, туура же туура эмес деп. «Туура-туура эмес» деген чечимди тергөөчү өзү же сот чыгарат. «Бул комиссияны түзүү менен негизги принциптер бузулууда» деп айтып жатам да. Президент комиссия түзбөй эле Башкы прокуратурага тапшырма берсе болот. «Көзөмөл кыл, калыстык болсун, далил болсо, жоопко тарткыла, болбосо коё бергиле», — деши керек.

— Бул жерде президент «башкы прокурор менен министр экөө бири-бирине өчөшүп калган» деген пикирлерге таянган. Анда президент башкы прокурорго ишенбей жаткан болушу мүмкүнбү?

—Бир өкмөттүн ичиндеги мүчөлөрүндө бир-бирине каршылык болсо, президент чакыртып, экөөнү сөгүп туруп эле ордуна коюп койсо болот да. Башкы прокурор менен министрдин ортосундагы карама-каршылыкты байкаган жокмун. Прокуратура буга чейин эскертүү берген, эми жумушта андай нерселер болуп турат да. Башкы прокурордун деле акыл-эси болсо керек, кантип эле президент министрди мактап жатса, жөндөн-жөн эле камамак беле.

— Сиз жеке өзүңүз министрдин кармалганын кандай бааладыңыз?

—Эгерде тергөөчүлөр айткан маалыматтар так болсо, 1,5 миллиарддан ашык акчанын оффшордук болуп кетиши — өтө өкүнүчтүү жана уят кыла турган нерсе. Андай кылбашы керек эле. Өлкөдө вакцинацияга кенен жетиштүү дары болгондон кийин дагы акчага алыштын кереги бар беле? Эми аны адистер карап чыгышы керек. Реформасы боюнча айта турган болсок, аны «мен ушундай кадамдарга барам» деп жарыялап туруп, жасашы керек. Өзүм билемдикке барган реформа эмес. Эгерде ал медицина тармактарында иштер жүрбөй жатканын ачык көрсөтсө, коомчулук деле, депутаттар деле кайсы жолдо баратканын билет болчу. Анан президент экөө «реформа, реформа» дейт, ал кайсы багытта экенин эч ким билбейт.

— Маегиңиз үчүн ыракмат!

Министрдин кармалышы бийликтин ичиндеги институттардын кагылышыбы?

Copyright © 2017 Maral FM