Биз менен байланышыңыз

Министрдин кармалышы бийликтин ичиндеги институттардын кагылышыбы?

Саясат | 3 Июн 2022 | 5751 | 0

Cаламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 2-июнда кармалып, тергөө абагына жеткирилген. Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдиргендей, ага 7 кылмыш боюнча иш козголгон. Коронавируска каршы вакцина алуудагы коррупция беренеси менен Бейшеналиевден тышкары министрликтен дагы үч адам камакка алынды. Буга чейин министрдин жасаган реформалары ар түрдүү сын-пикир жараткан. Жогорку Кеңештин депутаттары аны бир канча ирет кызматтан алууну талап кылышкан. Ага кошумча министрдин орун басарлары жана бөлүм башчылары да ачык нааразычылык билдиришкен. Ошол эле учурда министрдин реформаларын колдоп, акцияга чыккандар да болгон. Темага алдыда кененирээк токтолобуз.

Президент Садыр Жапаров менен саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 2-июнда Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында министрликтин балансында турган курорттордун биринин аймагына салынып жаткан президенттик мектептин курулушу менен таанышкан. Арадан үч саат өтпөй, 18:00 чамасында Башкы прокуратура менен «Альфа» террорго каршы тобунун кызматкерлери министрди иш бөлмөсүнөн кармап кетишкени жарыяланды.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдиргендей, саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге 7 кылмыш козголду. Айыптардын бирөө «коррупция», экөө «опузалап пара алуу», төртөө «кызмат абалынан кыянат пайдалануу», бирөө «атайылап пайдасыз келишим түзүү» боюнча коюлган.

Министр айрым кызмат адамдары менен биргеликте бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз адалдоо ыкмасын уюштуруп, мындан өлкө казынасы 1 млрд 581 млн 474 миң 315 сом өлчөмүндө зыянга учураганы маалымдалды.

Журналист Канышай Мамыркулова мамлекеттик чиновниктерди даңаза кылып кармап, бирок жыйынтык чыкпаса, уят иш  боло турганын белгиледи.

Ал акыркы убакта «коррупция» деген оор берене менен кармап, натыйжада акча алып, бошотуп жиберген учурлар көп болуп жатканын сынга алды.

«Эл көзүнө түшкөн адамдарды «коррупция» деген оор берене менен кармаса, ким экенине, кандай кармалганына карабашыбыз керек. Бул оор беренеде тандоо жок. Бирок бизде акыркы убакта ал берене «дежур» беренеге айланып кетти. Мунун таасири да жок болуп жатат. Өтө олуттуу айыптоо менен кармалып, бирок көпчүлүгү айып төлөп коюп, кайра кутулуп кетип жатпайбы. Мына ушунун өзү бул берененин барк-баасын жоготуп жатат. Анан ушунун айланасында Алымкадыр Бейшеналиевдин кармалышы кыргыз бийлигине шек келтирип койду. Себеби үч-төрт саат мурун министр президент менен Чолпон-Атада имараттарды көрүп жүрөт. Аз өтпөй музыка менен коштоп Башкы прокуратура тарабынан кармалганы боюнча видео чыгып жатат. Ошончо даңаза менен кармап, жыйынтыгы чыкпаса, өтө уят».

Буга чейин 18-апрелде Акылбек Жапаров саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге сөгүш жарыялаган. Ага Башкы прокуратуранын сунушу негиз болгон.

Айта кетсек, башкы көзөмөл орган 6-апрелде Алымкадыр Бейшеналиевге таластыктар тууралуу айтканы үчүн эскертүү берген. Андан тышкары Исманкуловдун клиникасында сүйлөгөн сөзү, күч органдарына карата айтканы боюнча тартиптик чара көрүүнү Министрлер кабинетине сунуштаган.

Мурдагы саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев Башкы прокуратурада тергөө жүрүп жаткандыктан, аягына чыкканга чейин бул маселени талкуулоо туура эмес деген оюн айтты.

«Бул боюнча азырынча прокуратурадан башка эч ким маалымат бере албайт. Прокуратуранын берген маалыматтарынан чыгып, талкуу жараткан туура эмес болуп калат».

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Венера Раимбачаева министр реформа кылууга жакшы аракет кылып жатканын, бирок жүрүм-турум этикасында туура эмес кадамдары болгонун айтат.

«Негизи министрибиз жакшы эле иштеп жаткан. Жакшы реформаларды, жакшы аракеттерди жасап жаткан. Бирок кээ бир кылыктары чын эле туура эмес, этикага жатпаган болчу. Жалаң реформалар боюнча иштеп жаткан. Ал эми вакцинация боюнча менде таптакыр маалымат жок экен, чынын айтсам, билбейт экем».

20-майда дарыгерлер жана жарандык активисттер министрдин реформалары туура багытта бара жатканын, коррупция менен күрөшкөндөр куугунтукка алынбашы керектигин айтып, Алымкадыр Бейшеналиевди колдоо митингин өткөрүшкөн.

Коомчулукта Алымкадыр Бейшеналиевдин президенттин жакын адамы экени, буга чейинки парламенттик шайлоодо Садыр Жапаровду колдогон партиянын Чүй облустук штабын жетектегени айтылып жүрөт. Бейшеналиев саламаттыкты сактоо министри болуп, 2020-жылдын октябрь айында Садыр Жапаров өкмөт башына келгенде дайындалган.

Саясатчы Равшан Жээнбеков президенттин жакын адамынын камалышы өлкө башчынын укук коргоо органдарын көзөмөлдөөнү жоготуп алганынан кабар берерин айтат.

Ошондой эле ал министрдин мамлекетке 1 млрд сомдон ашык өлчөмдө зыян келтиргенине ишенбейт. Анын айтымында, көп учурда укук коргоо органдары туура эмес маалымат чогултушат.

«Укук коргоо органдарына бүгүнкү күндө УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев үстөмдүк кылып калды. Экинчиден, ар бири өз алдынча иштеп калышты. Кандайдыр бир деңгээлде мүмкүнчүлүк көп. Президент  укук коргоо органдарынын үстүнөн көзөмөлдү жоготту деп айтсам жаңылышпайм. Көпчүлүк бийлик бул тарапта Ташиевге өттү. Ал башкарып, президенттин таасири азайып кетти. Бейшеналиевди камап жатканынын жыйынтыгы ушул болуп эсептелет. «Президентке айтышпаптыр» деген маалымат чыкса, же эртең аны соттон бошотсо, мен таң калбайм. Ошондо президенттин укук коргоо органдарынын үстүнөн көзөмөлдү жоготконуна далил болот. Аны соттон коё бере турган болсо, мамлекеттин, бийликтин ичиндеги институттардын кагылышы жүрүп жатат. Ар бир саясатчы өзүнүн көз карашын жылдыра баштады. Президенттин таасири артка кетти, азайды».

Буга чейин Бишкекте бир нече жолу өткөн Бейшеналиевди колдоо акциянын уюштуруучусу, жарандык активист Атай Бейшенбектин айтымында, тергөөчүлөр министрдин адвокаты Кайсын Абакировдун кирип, иш алып баруусуна уруксат бере элек. Атай Бейшенбек министрдин кармалышын коомчулукта айтылып жаткан саясий тирешүүлөрдүн жыйынтыгы деп эсептейт.

«Биз адилетүүлүктү жана акыйкатты талап кылып жатабыз. Эч кандай жеке мамилелер бийлик бутактарына таасирин тийгизбеши керек. Бул ишти президенттин жеке аброюна шек келтирүү катары баалап жатабыз. Президенттин берген баалары прокуратура тарабынан токулган иштер менен шек келтирүүдө. «Эгерде коронавирус боюнча иликтөөлөрдү жүргүзөбүз дешсе, элдик комиссия түзүшсүн. Канчалаган ИВЛ-аппараттары сатып алынып, бири да пайдаланууга берилбегенин аныктап, чыныгы күнөөлүүлөрдү жоопко тарталы» деген талапты коюп жатабыз. Анткени вакциналарды сатып алуу бир гана министрдин чечими эмес, ал Республикалык штабдын иши жана дары-дармектер департаменти менен биргеликте жүргүзүлгөн аракеттер. Мурдагы вице-премьер-министр Акылбек Жапаров вакцинанын баасын айтуудан баш тарткан. Ага Кытай тараптын бааларды айтпоо суранычы боюнча ички келишим бар экенин жүйө келтирген. Башкы прокуратура «1,5 млрд сомду оффшордук компаниялар менен чыгарып кеткен» деп жатат. Бул жерде эртеңки күнү эл аралык өтө опурталдуу жагдай жаралышы мүмкүн».

Президент Садыр Жапаров 25-апрелде «Кабар» улуттук маалымат агенттигине берген маегинде: «Алымкадыр Бейшеналиев — сөзгө чоркок, бирок иштин көзүн билген жетекчи. Ошол үчүн этика жактан кемчиликтери болсо да, көз жуумп келебиз. Жасаган иши эл үчүн болуп жатса болду», — деген баасын берген. Буга чейин министрдин жүрүм-туруму жана сүйлөгөн сөздөрү бир нече ирет талкууга кабылган.

Copyright © 2017 Maral FM