Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-тажик чек ара окуясы боюнча облус башчысы маалымат берди (видео)

Кыска кабар | 3 Июн 2022 | 634 | 0

3-июнда кыргыз-тажик чек арасында курал колдонулган жаңжал чыкты. УКМКнын Чек ара кызматынын маалыматы боюнча, Кыргызстандын чек арачылары Баткен облусунун Булак-Башы аймагында кызмат өтөп жатканда Тажикстандын чек арачылары шарттуу тилкени мыйзамсыз кесип өткөн.

Тажик чек арачылары Кыргызстандын аймагынан чыгып кетүү боюнча талапка көңүл бурбай, Кыргызстандын аскер кызматкерлерине ок чыгарган. Эки өлкөнүн аскерлеринин ортосунда атышуу болуп, тажик тарап миномётторду колдонгону айтылган.

Кыргыз-тажик чек ара тилкесинде орун алган окуя боюнча президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев маалымат берди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM