Биз менен байланышыңыз

Бейшеналиев Эл аралык Түрк академиясынын президенти менен жолугушту

Кыска кабар | 3 Июн 2022 | 557 | 0

Бүгүн, 3-июнда Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Эл аралык Түрк академиясынын президенти Дархан Кыдырали менен жолугушту.

Министр түрк тилдүү элдердин ортосундагы илимий, маданий байланыштарды өнүктүрүүдө Эл аралык Түрк академиясынын ишмердүүлүгүнүн салымын белгиледи.
Өз кезегинде Дархан Кыдырали академиянын бул жылдагы пландары менен бөлүшүп, анын бири катары 2022-жылдын сентябрь айында Чолпон-Ата шаарында түркологдордун биринчи конгрессин өткөрүү пландалып жатканын билдирди.
Ошондой эле Дархан Кыдырали Бейшеналиевди ушул жылдын 24-июнунда Нурсултан шаарында өтө турган Эл аралык Түрк академиясынын илимий кеңешинин кезектеги жыйынына катышууга чакырды.

Министр чакырууну кабыл алып, ыраазычылык билдирди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM