Жалал-Абад облусунун Аксы районунда катуу шамал катталып, үйлөрдүн чатырын учурду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Бүгүн, 3-июнда саат 13:00дөр чамасында катуу шамал болуп, Кара-Суу жана Кызыл-Туу айыл өкмөтүндөгү 3 үйдүн жана 1 мал сарайдын чатыры учкан.
Жеринде Жарандык коргонуу кызматы жана райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери тактоо иштерин жүргүзүүдө.
Жабыр тарткандар катталган жок.