Биз менен байланышыңыз

Бейшенбек: Алымкадыр Бейшеналиевдин адвокаты киргизилбей жатат

Кыска кабар | 3 Июн 2022 | 1767 | 0

Бүгүн, 3-июнь саат 09:00дөн бери саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге адвокаты Кайсын Абакировдун кирип, иш алып баруусуна уруксат бере элек. Бул тууралуу буга чейин Бишкекте бир нече жолу өткөн Бейшеналиевди колдоо акциянын уюштуруучусу, жарандык активист Атай Бейшенбек билдирди.

Анын айтымында, тергөөчүлөр министрдин адвокатын иш алып баруусуна уруксат бере элек. Атай Бейшенбек министрдин кармалышын коомчулукта айтылып жаткан саясий тирешүүлөрдүн жыйынтыгы деп эсептейт.

«Биз адилетүүлүктү жана акыйкатты талап кылып жатабыз. Эч кандай жеке мамилелер бийлик бутактарына таасирин тийгизбеши керек. Бул ишти президенттин жеке аброюна шек келтирүү катары баалап жатабыз. Президенттин берген баалары прокуратура тарабынан токулган иштер менен шек келтирүүдө. «Эгерде коронавирус боюнча иликтөөлөрдү жүргүзөбүз дешсе, элдик комиссия түзүшсүн. Канчалаган ИВЛ-аппараттары сатып алынып, бири да пайдаланууга берилбегенин аныктап, чыныгы күнөөлүүлөрдү жоопко тарталы» деген талапты коюп жатабыз. Анткени вакциналарды сатып алуу бир гана министрдин чечими эмес, ал Республикалык штабдын иши жана дары-дармектер департаменти менен биргеликте жүргүзүлгөн аракеттер. Мурдагы вице-премьер-министр Акылбек Жапаров вакцинанын баасын айтуудан баш тарткан. Ага Кытай тараптын бааларды айтпоо суранычы боюнча ички келишим бар экенин жүйө келтирген. Башкы прокуратура «1,5 млрд сомду оффшордук компаниялар менен чыгарып кеткен» деп жатат. Бул жерде эртеңки күнү эл аралык өтө опурталдуу жагдай жаралышы мүмкүн».

Белгилей кетсек, саламаттыкты сактоо министри кечээ, 2-июнда Башкы прокуратура тарабынан кармалып, тергөө абагына жеткирилген.

Бейшеналиевдин кармалышы министр менен башкы прокурордун ички тирешиби?

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM