Биз менен байланышыңыз

Министрлик: Чек арадагы атышууда эки аскер жарадар болду

Кыска кабар | 3 Июн 2022 | 1018 | 0

 Бүгүн, 3-июнда кыргыз-тажик чек ара тилкесинде болгон куралдуу окуядан эки аскер кызматкери жабыркады. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.

Алар тез жардам кызматы аркылуу Баткен облустук бириккен ооруканасына жеткирилген. Алдын ала маалыматтар боюнча, бир жабырлануучунун абалы оор, экинчисинин абалы орто.

Бүгүн, 3-июнда кыргыз-тажик чек арасында курал колдонулган жаңжал чыкты. УКМКнын Чек ара кызматынын маалыматы боюнча, Кыргызстандын чек арачылары Баткен облусунун Булак-Башы аймагында кызмат өтөп жатканда Тажикстандын чек арачылары шарттуу тилкени мыйзамсыз кесип өткөнүн аныкташкан.

Тажик чек арачылары Кыргызстандын аймагынан чыгып кетүү боюнча талапка көңүл бурбай, Кыргызстандын аскер кызматкерлерине ок чыгарган.

Эки өлкөнүн аскерлеринин ортосунда атышуу болуп, тажик тарап миномётторду колдонгону айтылган.

Copyright © 2017 Maral FM