Биз менен байланышыңыз

Токаев: Алдыдагы референдум президенттик мөөнөтүмдү узартпайт

Дүйнө , Кыска кабар | 3 Июн 2022 | 2803 | 0

Президенттик мөөнөтүмдү узартуу оюмда жок. Мындай пикирин Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Улуттук илимдер академиясынын 75 жылдык салтанатында билдирди.

«Менден эл ичинде да, чет жерде да: «Мамлекет башчысы өз мөөнөтүн референдум аркылуу узартууга, тагыраагы, президенттик мөөнөтүн кайра баштоого камданып жатабы?» — деп сурашат. Менин жообум бирөө гана: мындай ниетим болгон эмес, болбойт дагы», — деди Токаев.

Ал ошондой эле алдыдагы референдум президенттин укугун арттырууну эмес, бүткүл калктын бийликке болгон ишенимин чыңдоону көздөй турганын билдирген.

«Өнүккөн демократиялык коом куруу дегенибиз айгайлап ураан чакыруу эмес, даректүү, жүйөлүү иш жүргүзүү экенин түшүнүшүбүз керек. Элибизде жоопкерчиликтүү жогорку саясий маданият орношу кажет. Бүткүл республикалык референдум акыйкат Казакстанды куруунун башталышы болот», — деди ал.

Айта кетсек, Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев 5-июнда Башмыйзамды өзгөртүү боюнча жалпы республикалык референдум өткөрүү жарлыгына 6-майда кол койгон.

Токаев ага чейин Казакстан парламенттик-президенттик башкарууга өтө турганын, супер-президенттик башкаруу натыйжасыз экенин, ага январь окуясы далил болгонун айткан.

Казакстанда Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдум 5-июнда өтөт

Казакстандын президенти башаламандыктан кийин реформаларды сунуштады

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM