Биз менен байланышыңыз

Казакстанда Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдум 5-июнда өтөт

Дүйнө , Кыска кабар | 6 мая 2022 | 448 | 0

Казакстанда Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдум 5-июнга белгиленди. Бул тууралуу Акордонун маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, бүгүн 6-майда Токаевдин референдум боюнча жарлыгы менен кошо Конституцияга өгөртүү киргизе турган мыйзам долбоорлор да жарыяланат. Ал эми референдумду өткөрүү жана уюштуруу иши Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясына берилди.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев буга чейин да өлкөнүн Конституциясына өзгөртүү киргизүүгө референдум өтө турганын жарыялап, референдум ар бир жарандын өлкөнүн өнүгүү багытын тандоосуна мүмкүнчүлүк түзөт жана өлкөнү демократиялаштыруу багытын дагы да бекемдейт деп билдирген.

«Менин демилгем менен өзгөртүлүп жаткан Конституция фундаменталдык мүнөзгө ээ болуп, өлкөнүн саясий системасы түп-тамырынан өзгөртөт. Биз жаңы мамлекеттик башкаруу моделине өтүп, мамлекет менен коомдун байланыш форматын жаңылайбыз. Мындай сапаттуу өзгөрүүнү биз Экинчи Республика деп атасак да болот. Жумушчу топтун аракети менен Башмыйзамдагы 33 берене өзгөртүүгө даярдалды. Бул Конституциянын 4/3 бөлүгү дегенди түшүндүрөт. Мыйзам долбоор учурда Конституциялык кеңешке жиберилди, эми алар да өзүнүн оңдоп-түзөөсүн киргизет», — деп билдирген казак президенти.

Белгилей кетсек, Токаев буга чейин Казакстан парламенттик-президенттик башкарууга өтө турганын, супер-президенттик башкаруу натыйжасыз экенин айткан болчу.

Супер президенттиктен баш тартуу, күчтүү парламенттик башкарууга өтүү. Токаевдин элге кайрылуусу

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM