Биз менен байланышыңыз

Супер президенттиктен баш тартуу, күчтүү парламенттик башкарууга өтүү. Токаевдин элге кайрылуусу

Дүйнө , Кыска кабар | 16 Мар 2022 | 3901 | 0

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев бүгүн казакстандыктарга кайрылуу жасады. Анда ал өлкөдөгү саясий түзүмдү реформалоо боюнча курч пикирлерин айтты.

Казак президенти саясий түзүмдү өзгөртүү калктын койгон талабынын негизинде иштелип чыкканын билдирип, мындай өзгөрүү өлкө ичиндеги фундаменталдык бурулуш жана геосаясий абал курч учурда өтө маанилүү деп кошумчалады.

Токаевдин билдирүүсүндө айтылган негизги пикирлери:

-Эң биринчи кезекте супер президенттик башкаруудан, күчтүү парламентке ээ болгон президенттик республикага толук айлануу зарыл.

-Мындай система акимиаттардын ишмердигин оптимизациялайт.

-Учурдагы системабызда баары президенттин колунда. Бул туура эмес. Биз бул көрүнүштөн акырындык менен баш тартабыз.

-Мен үчүн ар кандай кошумча күч же бийликтен көрө, мамлекеттин узак мөөнөттүү кызыкчылыгы маанилүү.

-Президент өлкөнү башкарып жаткан учурда эч кайсы партияга мүчө болбошу керек. Бул саясий партиялар арасындагы атаандаштыкты арттырат.

-Акимдер жана алардын орун басарлары партиялардын бөлүмдөрүндө эч кандай саясий кызматты ээлебеши керек. Муну мыйзам негизинде жөнгө салсак, ар тараптуу партиялык атаандаштык өнүгөт.

-«Каргашалуу январь» окуясынын эң негизги сабагы бардык бийлик бир адамдын колуна топтолбошу керектигин көрсөттү. Мындай жол президенттин айланасындагы тар чөйрө үчүн гана эбегейсиз мүмкүнчүлүктөрдү жаратып, олигархиялык топторду пайда кылат. Алар өлкөнү жеке менчигиндей колдонушат.

-Азыркы мыйзамда президент айыл өкмөт, акимдерден бери дайындап же жумуштан алууга укугу бар. Бул жергиликтүү башкаруунун эркиндигин чектейт. Биз бул мыйзамды жокко чыгарабыз. Ири шаар жана облус акимдерин калк түз шайлашы керек.

-Президенттин ашыкча ыйгарым укуктарынан баш тартуусу — мамлекеттеги саясий реформалардын өзөгү. Биз сунуштап жаткан жаңы демилгелер «оюн эрежелерин» түп-тамырынан өзгөртүп, демократия үчүн бекем пайдубал болот.

-Казакстанда жаңы Абай деген облус пайда болуп, Семей шаары анын борборуна айланат.

-Улутау деп аталган да жаңы облус түзүлүп, анын админстрациясы Жезказганда жайгашат.

-Алматы облусу экиге бөлүнүп, Жети-Суу жана Алматы деп аталат. Капшыгай Алматы облусунун, Талдыкоргон Жети-Суу облусунун борборуна айланат.

-Капшыгай шаарынын аты белгилүү казак саясий ишмери, мурунку президент Динмухаммед Кунаевдин ысымына өзгөртүлөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM